3 жаштагы бала 3308 метр болгон Пиз Бадиланын чокусуна чыкты
Жексон Хоулдинг, Пиз Бадиланын чокусуна чыккан эң жаш киши наамын алды.
1466930
Жексон Хоулдинг аттуу 3 жаштагы бала Италия-Швейцария чек арасында жайгашкан жана бийиктиги 3308 метр болгон Пиз Бадиланын чокусуна чыккан эң жаш адам наамын алды.
Жексон Хоулдинг Пиз Бадили тоосуна өзүнүн 7 жаштагы эжеси Фрейя, апасы Жессика жана профессионал альпинист атасы Лео менен биргеликте чыкты.
Апасы Жессика Жексонду аркасына көтөрсө, атасы Лео да үй - бүлө керектөөчү каражаттарды жана тамак - аштарды алып чыкты.
7 жаштагы эжеси Ферйя Хоулдинг болсо эч кандай жардамсыз эле тоого чыккан эң жаш киши катары каттоого өттү.
Тоого чыгуу 4 күнгө созулду. Жексон Хоулдинг, Пиз Бадиланын чокусуна чыккан эң жаш киши наамын алды.