100 миллион жылдан ашуун убакыт деңиз түбүндө жаткан микробдор ойготулду

Микробдордун динозаврлар жашаган мезгилден калганын белгилешти.

1463940
100  миллион жылдан ашуун убакыт деңиз түбүндө жаткан микробдор ойготулду

 Окумуштуулар 100 миллион жылдан ашуун убакыттан бери уйку абалында болгон микробдорду жанданрышыкандарын жарыялашты.

Микробдордун динозаврлар жашаган мезгилден калганын белгилешти.

Кичинекей организмдер Тынч океандын түштүгүндө  азыктандыруу жактан алсыз жана аз кычкылтекти камтыган   чөкмө катмарларында уктап жатышкан.

Япониянын деңиз -  жер жүзү илим жана технология агенттигинин жол башчылыгындагы топ Тынч океандын түндүгүндө 100 миллиндон ашуун убакыттан бери жашап келе жаткан чөкмө катмарларын иликтеди.

Изилдөөчүлөр үлгүлөрдү инкубациялап, дээрлик бир доор уйку абалында жаткан микробдорду ойготушту.

Изилдөөнүн башкы  жазуучуларынан Юки Мороно : «Микробдорду тапканымда оболу табылгалардан шектендим, бир жаңылыштык же бир тажрыйбанын ийгиликсиз болушу менен ортого чыкканын ойлодум»,- деди. Мороно чөкмөлөрдөгү кычкылтектин микробдор үчүн эч бир энергия жумшабастан миллиондогон жыл жандуу болушуна шарт түзгөнүн айтты.

Мороно изилдөөнүн жер жүзүндөгү эң жөнөкөй жандуу түзүлүшүнүн жашап калуу жөндөмдүүлүгүнүн бар экенин белгилегенин айтты жана : «Биздин оюубуздун терсине микробдор бөлүнүү менен көбөйүүдө ошондуктан белгилүү бир өмүрлөрү жок»,- деди.

URI океан илимдери институтунан изилдөөгө катышкан профессор Стивен Д'Хондт да микробдордун деңиз түбүндөгү  байыркы чөкмөлөрдүн катмарынан чыккандыгын белгилеп : «Биз тешкен эң эски чөкмө катмарында азыр да жандуу организмдер бар жана ойгонуп, чоңоюп, көбөйө алышат»,- деди.



Тектеш кабарлар