Жумушка велосипед менен баруу өмүрдү узартканы белгиленди

Кеңири масштабдуу изилдөө жумушка велосипед менен баруу өмүрдү узартканын ачыкка чыгарды.

1421391
Жумушка велосипед менен баруу өмүрдү узартканы белгиленди

Кеңири масштабдуу изилдөө жумушка велосипед менен баруу өмүрдү узартканын ачыкка чыгарды.

Нью Атлас барагынын кабарына караганда Лондондогу Империал колледжи жана Кембридж университетинин окумуштуулары 1991-2016-жылдар аралыгында Англия менен Уэльсте ишке велосипед менен барган 300,000 адам жөнүндө калктын маалыматтарын изилдешкен.

Жыйынтыктары «The Lancet Planetary Health» журналында жарыяланган изилдөөдө жумушка велосипед менен баргандарга караганда мөөнөтүнөн мурда каза болуу тобокелчилиги 20 пайызга, жүрөк-кан тамыр ооруларынан өлүү ыктымалдуулугунун да 24 пайызга азайганы көрүндү.

Рактан каза болгондордун тобокелчилигинин велосипед менен жумушка барган топто 16 пайызга аз болгону, бул кишилерде ракка чалдыгуу ыктымалдуулугунун 11 пайызга азайганы байкалды.



Тектеш кабарлар