Жер шарына эң жакын кара тешик табылды

Күндөн төрт эсе чоңдукка ээ болгон кара тешиктин ушул убакка дейре табылган Жер шарына эң жакын кара тешик болгону жарыяланды.

1412365
Жер шарына эң жакын кара тешик табылды

Европа Түштүк обсерваториясында (ESO) кызмат кылган астрономдор Жер шарынан миң жарык жылындай гана алыстыкта турган кара тешик тапкандарын жарыялады.

Кара тешик Telescopium топ жылдызында HR 6819 аттуу системанын ичинде табылды.

Күндөн төрт эсе чоңдукка ээ болгон кара тешиктин ушул убакка дейре табылган Жер шарына эң жакын кара тешик болгону жарыяланды.

Кара тешиктерди мыкты билген адис д-р Зири Юнси бул темада жасаган билдирүүсүндө, «Жер шарына ушунчалык жакын кара тешиктин табылышы көңүлдү бурат. Берки кара тешиктер Жер шарынан орто эсеп менен 25 миң жарык жылындай алыстыкта турат. Бул жаңы эмгек, галактикада жайгашкан бардык жылдыздуу массалык кара тешик популяцияларынын кызыктуу келечегин ачып берет»,-деди.



Тектеш кабарлар