Forbes түрк мончосун жана одеколонун сунуштады

«Forbes» журналынын саякат жазуучусу Гретхен Келли, саякатчыларга коронавируска каршы түрк мончосун жана одеколонун сунуштады.

1385812
Forbes түрк мончосун жана одеколонун сунуштады

Американын  «Forbes» журналынын саякат жазуучусу Гретхен Келли, саякатчыларга коронавируска каршы түрк мончосун жана одеколонун сунуштады.

Мончо маданиятын «Түркиянын тазалык маданияты» темалуу макаласында түшүндүргөн Келли, окурмандарга муну сунуштады:«Түркиянын Осмон империясы дооруна чейин барган мончо маданияты; суу, самын,массаж жана буунун сезимтал ритуалы. Саякат кылуунун жаңы жолдорун издеген америкалыктар үчүн буюртма кылынган түрк самыны, түрк сүлгүлөрү жана одеколон, коронавирустан коргойт».

Тарыхый мончолор менен катар Стамбулдагы заманбап мончолордун саякатчылар үчүн таза жана дем берүүчү сыноо болоорун айткан Келли, түрк зайтун майынан жасалган самын менен мончолордо колдонулган мочалкалардын берки мончолордо дагы колдонула ала турганынан кеп кылды.

Келли,коронавирус илдетинен кийин табыш кыйынга турган түрк одеколонунан дагы кеп салып, «Курамында жогорку катышта алкогол (лимондуу версиясында 80 пайыздык этанол) бар одеколонду колго куюу түрк ритуалы. Одеколон көбүнчө роза, жайлоо гүлдөрү, цитрус жана башка популярдуу жыттар сыяктуу жыттарга ээ жогорку катышта алкогол камтыган антисептик. Конокторго кош келдин ритуалы катары колдонулгандыгы үчүн жыты басымдуу эмес»,деп жазды.

Жазуучу түрк ыкмасындагы мончо үчүн нервдерди жибитүүчү зайтун майы самындарына, түстүү бел оромолдорго, жез идиштерге жана башка товарларга интернет аркылуу жетүү мүмкүн экендигин айткан.



Тектеш кабарлар