Алыскы планетада асмандан ээриген темир жаады

Астрономдордун Европанын Астрономиялык изилдөө уюмуна (ESO) таандык абдан чоң телескоп менен жүргүзгөн байкоолорунун натыйжалары «Nature» журналында жарыяланды.

1378243
Алыскы планетада асмандан ээриген темир жаады

Алыскы планета WASP-76bда темирдин ээриген түрдө жамгыр сыяктуу жааганы жарыяланды.

Астрономдордун Европанын Астрономиялык изилдөө уюмуна (ESO) таандык абдан чоң телескоп менен жүргүзгөн байкоолорунун натыйжалары «Nature» журналында жарыяланды.

Байкоочулар илимпоздорго ысыктыгы 2400 градустан ашкан алыскы чоң планета WASP-76bда асмандан суюк түрдө темир жааганын түшүндүрдү.

Испаниядагы Астробиология борборунда кызмат кылган Мария Роза Сапатеро Осорио: «Байкоочулар темир буусунун WASP-76bнын күндүз болгон жагында атмосферада жыш экенин божомолдоодо. Бул темирлердин бир бөлүмү планетанын айлануусу жана атмосфералык шамалдардын себебинен түн жагына өтүүдө. Бул жагында салыштырмалуу муздак абага кирген темир буусу суюктукка айланып жамгыр сыяктуу жаады»,деген серебин салды.

WASP-76b планетасы  Жер шарынан 640 жарык жылындай алыстыкта орун алган.



Тектеш кабарлар