Дүйнөнүн эң улгайган эркек кишисине сертификат тыпшырылды

Узак жашоонун сырынын эмне экени жөнүндөгү суроого, 113 жашка чыгаарына саналуу гана күндөр калган Ватанабе: «Ызырынбагыла жана жылмаюуну уланткыла»,-деп жооп берди.

Дүйнөнүн эң улгайган эркек кишисине сертификат тыпшырылды

Жапонияда 112 жаштагы Читетсу Ватанабе, Гиннесстин Дүйнө рекорддору тарабынан «дүйнөнүн эң улгайган эркек кишиси» деп кабыл алынды.

Киодо агенттигинин маалыматына караганда Жапониянын Ниигата аймагында жашаган 1907-жылы 5-мартта төрөлгөн Читетсу Ватанабеге жашап жаткан карылар үйүндө Гиннесстин кызматкерлери тарабынан сертификат тапшырылды.

Узак жашоонун сырынын эмне экени жөнүндөгү суроого, 113 жашка чыгаарына саналуу гана күндөр калган Ватанабе: «Ызырынбагыла жана жылмаюуну уланткыла»,-деп жооп берди.

Гиннесстин жарыясына караганда дыйкандын үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген Ватанабенин 20 жашында барган Тайванда 18 жыл жашаганы, 2-Дүйнөлүк согуштан кийин Ниигатага кайра кайтканы белгиленген.

Ватанабенин 5 баласы бар жана 10 жыл мурдагыга дейре бонзаи багын өстүрүп көргөзмөгө койгону маалымдалды.

Жапониянын Хоккайдо аймагынан Масазо Нонаканын 2019-жылы январда 113 жашында дүйнөдөн кайтышынан кийин Ватанабенин дүйнөнүн эң улгайган эркек кишиси наамына ээ болгону белгиленди.

Жапонияда 2019-жылы дүйнөдөгү эң улгайган адам катары Гиннесстин Рекорддор китебине кирген Кейн Танака 117 жаш курагын белгиледи.

Өткөн жылы 9-мартта 116 жыл 66 күн менен дүйнөнүн эң кары адамы наамын алган Танака, быйыл туулган күнүн Жапониянын Фукуока шаарындагы карылар үйүндө белгиледи.

Өз рекордун жаңылаган Танака, Жапониянын карыган калкынын символдорунун бири деп эсептелүүдө.



Тектеш кабарлар