Дүйнөнүн айланасындагы дуулдап угулган сырдуу добуштун сыры чечмеленди

Илимпоздор акыркы эки жылда дүйнөнүн чөйрөсүндө угулган сырдуу добуштун Инд океанынын түбүндөгү күтүлбөгөн сейсмикалык кыймылдуулуктан келип чыкканын белгиледи.

Дүйнөнүн айланасындагы дуулдап угулган сырдуу добуштун сыры чечмеленди

Дүйнөнүн чөйрөсүндө дуулдап угулган сырдуу добуштун Инд океанынын түбүндө пайда болгон суу астындагы жаңы жанар тоодон келип чыкканы белгилүү болду.

Илимпоздор акыркы эки жылда дүйнөнүн чөйрөсүндө угулган сырдуу добуштун Инд океанынын түбүндөгү күтүлбөгөн сейсмикалык кыймылдуулуктан келип чыкканын белгиледи.

«Livescience.com» интернет барагында орун алган кабарга караганда Германиянын Постдам геодезия борборунан сейсмолог Симон Ческанын жол башчылыгындагы изилдөө тобу жыйынтыктарын «Nature Geoscience» журналына жарыялаган изилдөөдө, добуштун Инд океанынын түбүндөгү магма бирикмеси себеп болгон сейсмикалык кыймылдуулуктан келип чыкканын жарыялады.

Алгач ирет 2018-жылдын май айында Африканын чыгыш жагындагы Мадагаскар менен Мозамбиктин арасында орун алган Майотте аралынын жакын жеринде бир убакта миңдеген жер титирөөнүн катталганын эске салган изилдөөчүлөр, андан кийин 2018-жылдын октябрынан тарта айрымдары 40 мүнөткө дейре созулган сырдуу добуштардын толкундар түрүндө атмосферага жайылганына көңүл бурду.

2019-жылы франциялык океан изилдөөчү тобунун Майотта аралына жакын жерде океандын түбүндө 5 чакырым кеңдикте жана түбүнөн 800 метр бийиктикте жаңы жанар тоонун пайда болгонун табуусу, добуштун сырынын чечилишине өбөлгө болду.

Жанар тоонун океандын түбүнүн 32 чакырым астында 15 чакырым кеңдиктеги магма бирикмесинин бетке чыгуусун камсыздаганын белгилеген изилдөөчүлөр, вулкандык түзүлүштүн бир жылдын ичинде бүткөрүлгөнүн жана бул тыгыз сейсмикалык кыймылдуулуктун добуштарды чыгарганын аныкташты.



Тектеш кабарлар