Түнү 9 сааттан ашык уктоо мээге кан куюлуу ыктымалын күчөтөт
Түнү 9 сааттан ашыкча жана күн ичинде 90 минутадан ашыкча уктаганда мээге кан куюлуу ыктымалы ортого чыкты.
Түнү 9 сааттан ашыкча жана күндүз 90 минутадан ашыкча уктаганда мээге кан куюлуу ыктымалы ортого чыкты.
Жыйынтыктары "Neurology" журналында жарыяланган иликтөөнүн негизинде Кытайда жаштары орточо 62 болгон 31.750 киши иликтенди.
Иликтөөнүн башында өткөн күндөрдө мээге кан куюлуу же башка оорусу болбогон бул кишилерден түнү эң аз 9 саат уктагандарда мээге кан куюлуу ыктымалынын, 8 сааттан аз уктагандарга салыштырмалуу 23 пайызга жогорулагандыгы байкалды.
Күн ичинде иреттүү түрдө 90 минутадан ашык уктаган кишилерде да эң аз бир саат же күндүз уктабагандарга караганда мээге кан куюлуу ыктымалынын 25 пайызга арткандыгы көрүнгөн.
Изилдөө өзгөчө түнү узун убакыт уктаган, күндүз да узун убакыт уктагандарда мээге кан куюлуу ыктымалынын 85 пайызга жогорулагандыгын ортого салды.
Бул эмгекке катышкандардын 6 жыл иликтөөгө алынгандыгы жана процесстин ичинде 1557 кишиде мээге кан куюлгандыгы белгиленди.
Тектеш кабарлар
Жасалма интеллект менен үн жасоо...
OpenAI тарабынан компаниясынын үндөрдү клондоочу жаңы технологиясына байланыштуу билдирүү жасалды.