Бир жыл бою бузулбай сакталуучу алма АКШда базарга чыгарылды

ВВСнын маалыматына караганда «Космикалык кытыр» деп аталган жасалма алма, алгач ирет 1997-жылы Вашингтон мамлекеттик университетинде өнүктүрүлө баштаган.

Бир жыл бою бузулбай сакталуучу алма АКШда базарга чыгарылды

АКШда муздаткычта бузулбастан 1 жыл сактала алган алманын жаңы түрү базарга чыкты.

ВВСнын маалыматына караганда «Космикалык кытыр» деп аталган жасалма алма, алгач ирет 1997-жылы Вашингтон мамлекеттик университетинде өнүктүрүлө баштаган.

«Чымыр, кытыр жана суулуу» деп аныкталган алманын базарга чыгарылышы 10 миллион доллардык чыгымды талап кылды.

Кызыл алмага бетиндеги ачык сары тактардын алыстагы жылдыздарга окшотулганынын себебинен «Космикалык кытыр» деген ат коюлду.

Вашингтондо 12 миллиондон ашык «Космикалык кытыр» деп аталган алма багынынын тигилгени, бирок катуу лицензиялык системанын АКШнын башка аймактарында дыйкандардын бул алманы өстүрүшүнө уруксат бербегени белгиленди.



Тектеш кабарлар