Мексикада 15 миң жыл мурдагы мамонттун тузактары табылды

Бул тууралуу Мексиканын Улуттук антропология жана тарыхый институтунан адистер жарыялашты.

Мексикада 15 миң жыл мурдагы мамонттун тузактары табылды

Мексикада 15 миң жыл мурда адамдардын мамонтторду уулоо үчүн казган тузактары табылды.

Мексиканын Улуттук антропология жана тарыхый институтунан адистер, таштанды чогултуу аянты катары колдонулган бир аймакта жүргүзүлгөн казуу иштеринде 15 миң жыл мурда адамдардын мамонтторду тузакка түшүрүш үчүн казган эки чуңкур табылганын жарыялады.

Борбор шаар Мексиконун түндүгүндөгү Тултепекте табылган чуңкурлардын эң аз 14 мамонттун сөөктөрүнө толгону, адамдар кубалап чуңкурларга сүргөнү божомолдонгон айбанаттардан айрымдарынын  кескиленип өлтүрүлгөнү белгиленген.

1 метр 70 см тереңдиктеги орто эсеп менен 23 метр кеңдиктеги чуңкурларда жылкы жана төө калдыктарынын дагы табылганы белгиленди.



Тектеш кабарлар