Эль-Ниньолор аба-ырайынын катаал шарттарын алып келет

Гаваи университетинин окумуштуулары 1901-жылдан бери болгон 33 Эль-Ниньону иликтеп чыгышты.

Эль-Ниньолор аба-ырайынын катаал шарттарын алып келет

Глобалдык ысуунун табигый атмосфера окуясы Эль- Ниньо түштүк термелүүлөрдү күчөткөнү, бул абалдын учурда ысыган планетаны дагы ысык абалга келтиргени жарыяланды.

Гаваи университетинин окумуштуулары 1901-жылдан бери болгон 33 Эль-Ниньону иликтеп чыгышты.

Илимпоздор, Тынч океандын экватор аймагын ысыткан жана жер шарын айланта күтүлбөгөн аба-ырайынын катаал шарттарын күүлөгөн Эль-Ниньолордун 1970-жылдардан бери жылуу сууларда мындайча айтканда көбүнчө батышта пайда болгонун жана бул абалдын Эль-Ниньонун түштүк термелүүлөрдү күчөткөнү байкалды.

Адистер, күчтүү Эль-Ниньолордун Австралия жана Индия сыяктуу өлкөлөрдө кургактыкты, Калифорния сыяктуу жерлерде селдерди алып келе турганына шилтеме берип, изилдөө тобунун жетекчиси Бин Ванг, дүйнө жүзүндө орто эсеп менен ысыктык рекорддору болгон 1982, 1997 жана 2015-жылдардагы үч «супер» Эль-Ниньонун батыштан башталганына көңүл бурду.

Изилдөөдө 1978-жылдан мурда 14 Эль-Ниньодон 12синин чыгышта, 1978-жылдан кийинки 11инин дагы ортоңку чөлкөмдө же батышта пайда болгонунун маалыматына жетишилди.

Бул эмгектин кеңириси «Proceedings of the National Academy of Sciences» журналында жарыяланды.



Тектеш кабарлар