Бою адамдын боюндай пингвин калдыгы табылды

Бул пингвин 60 миллион жыл мурда жашаган.

1252814
Бою адамдын боюндай пингвин калдыгы табылды

 

Жаңы Зеландиялык илимпоздор, орто эсеп менен 60 миллион жыл мурда жашаган бою адамдыкындай пингвин калдыгын тапкандарын билдиришти.

18 ай мурда Крайстчерч шаарындагы Вайпара дарыясында табылган сөөк калдыгын иликтеген илимпоздор, анын орто эсеп менен 60 миллион жыл мурда жашаган чоң пингвин түрүнө таандык экенин айтышты.

Бойлору 160 сантиметрдей, салмактары 80 килограммга жеткен тукуму жок болгон пингвин түрүнүн бир убактарда океандарда сүзүп жүргөндөрүн билдирген илимпоздор, динозаврлар жок болгондон кийин жаралган түрлөрдөн бири экенин ойлоп жаткандарын белгилешти.

Изилдөөчү топтон Пол Скофилд, чоң пингвин түрүнүн 2000-жылы Антарктидада табылган башка пингвин түрүнө окшошкондугу жана 65 миллион жыл мурда башталып 23 миллион жыл мурда аяктаган Палеоцен доорунда эки материктин ортосундагы байланыштын аныкталышына жардамчы болуусу сыяктуу себептерден улам бул изилдөөнүн абдан маанилүү экенин айтты.

Динозаврлар, деңиз сойлоп жүрүүчүлөрү жана ири балыктар жок болгондон кийин пингвиндердин көбөйүүлөрү үчүн океандарда мүмкүнчүлүк жаралганына көңүл бурган Скофилд, чоң пингвиндердин андан кийинки 30 миллион жылдын ичинде болсо тукуму жок болгондугун айтты.

Чоң пингвиндердин азыркы император пингвиндерден орто эсеп менен 2 эсе оор жана 30 сантиметр узун экендиги белгиленүүдө.

 



Тектеш кабарлар