Канададагы ысырап иликтенип чыкты

Борбору Торонтодо орун алган Second Harvest аттуу мекеме тарабынан жасалган «Алдын алса боло турган азык-түлүк таштандылары кризиси» аттуу изилдөө...

1128253
Канададагы ысырап иликтенип чыкты

Канаданын жалпысында өндүрүлгөн азык-түлүктөрдүн жарымынан көбөүнүн, талаадан жыйналып акыркы кардарга жеткенге дейре жок болгону же таштандыга ыргытылганы белгиленди.

Борбору Торонтодо орун алган Second Harvest аттуу мекеме тарабынан жасалган «Алдын алса боло турган азык-түлүк таштандылары кризиси» аттуу изилдөөгө караганда, Канаданын жалпысында өндүрүлгөн 61,2 миллион тонна азык-түлүктүн 35,5 миллион тоннасы сарпталууда.

Аты аталган 35,5 миллион тонналык ысыраптын алгачкы баскычы иштетүү жана өндүрүү процессинде болот. Бул баскычта 21 миллиард Канада доллары баасындагы 4,82 миллион тонналык азык-түлүк жок болот же ысырап кылынып талаптоо чынжырынын тышында калат. Кардар деңгээлине жеткенде да 10 миллиард Канада долларындай 2,38 миллион тонналык азык-түлүк таштандыга ташталат.

Ашкана, мейманкана жана тобу менен тамак желүүчү жерлер менен пакеттөө, таркатуу жана сакталуу мөөнөтү сыяктуу себептер менен жалпы жоготуунун көлөмү болсо 49 миллиард Канада доллары деп эсептелди.

Изилдөөдө бул сандардын ар бир канадалыкты 5 ай бою багуу үчүн жетиштүү көлөмдө азык-түлүк түшүнүгүн бергенине көңүл бурулду. Азык-түлүк товарларында болгон бул жоготуунун, Канадада жылдык чыгымынын ар бир каанага 1,766 доллар болгону эсептелди.


Этикеткалар: #Канада , #Торонтодо , #ысырап

Тектеш кабарлар