АКШда табылган динозавр

АКШда 200 миллион жыл мурдагысына таандык экени белгиленген учуучу динозаврдын (Птерезаур) жаңы пародасы табылды.

1032453
АКШда табылган динозавр

Илимпоздор АКШда 200 миллион жыл мурдагысына таандык экени белгиленген учуучу динозаврдын (Птерезавр) жаңы пародасын тапты.

ВВСдеги маалыматка караганда Brigham Young университетинин геология илимдери боюнча профессору Брукс Бритт, изилдөөлөрү убагында сөөктөрдү тапкандарын жана булардын 200 миллион жыл мурдагыга таандык экенин божомолдогондорун  билдирди.

Изилдөө аянтында 18 миң сөөк калдыгын тапкандарын жана учкан динозаврлардын кандайдыр бир түрүнө таандык экенин айткан Бритт, жаңы пароданы «ыйык шамал» деп аташкандарын маалымдады.

Птерезавр пародасынын дүйнөдө жашаган алгачкы учкан жандыктар болгондору белгиленген.

Илимпоздор бүгүнкү күндө учкан динозаврларга таандык калдыктарга жетүүнүн абдан сейрек көрүнгөнүн белгилеген.

Птерезаврлардын алдыңкы аяктарынан чыккан канаттарынын кеңдиги 12 метрге чейин жетет.


Этикеткалар: #динозавр , #Птерезавр

Тектеш кабарлар