Эки жылдын ичинде эки жолу лотерея оюнун утуп алган киши...

ВВСнын кабарына караганда Франциянын түштүк-чыгышында жашаган жана аты аталышын каалабаган киши 2016-жылдын ноябрь айында лотереядан утуп алган 1 миллион евродон кийин өткөн айда кайрадан 1 миллион евролук премиянын ээси болду.

988295
Эки жылдын ичинде эки жолу лотерея оюнун утуп алган киши...

Францияда бир шанстуу киши  лотерея оюну «My Million» ойноп эки жылдан аз убакыттын ичинде экинчи ирет 1 миллион евро утуп алды.

ВВСнын кабарына караганда Франциянын түштүк-чыгышында жашаган жана аты аталышын каалабаган киши 2016-жылдын ноябрь айында лотереядан утуп алган 1 миллион евродон кийин өткөн айда кайрадан 1 миллион евролук премиянын ээси болду.

Шанстуу кишиге билет сатылган Жогорку Савойя аймагындагы гезит киоску, шанстуу кишинин 1 миллион евролук премияны анчейин тоготпогонун айтса, Франциянын басма сөзү чоң премияларды утуп алууну каалаган шанстуунун лотерея оюнун ойноону уланта турганын жазып чыкты.

Математиктер шанстуунун 2 жылдан аз убакыттын ичинде экинчи ирет чоң премияны утуп алуусунун 16 триллиондо бир ыктымалдуулук болгонун эсептеп чыгышты.



Тектеш кабарлар