Топкапы сарайы туристтердин көздөгөнү болду

Топкапы сарайы Фатих Султан Мехмет тарабынан 1460-1478-жылдар аралыгында курулган.

879661
Топкапы сарайы туристтердин көздөгөнү болду

Стамбулда жергиликтүү жана чет элдик туристтердин кызыгуусун тарткан тарыхый жайлардын башында турган Топкапы сарайы, өткөн жылы да туристтердин көздөгөнү болду.

Топкапы сарайы музейи менен «Айя Ирина» музейин өткөн жылы 2 миллион киши кыдырды.

Фатих Султан Мехмет тарабынан 1460-1478-жылдар аралыгында курулган, орто эсеп менен 400 жыл бою империянын башкаруу, билим берүү жана көркөм өнөр борбору катары колдонулган, учурда болсо музей катары кызмат көрсөткөн сарай, өткөн жылы 1 миллион 943 миң 969 киши тарабынан зыярат кылынды.

Сарайдын алдында жайгашкан жана VI кылымда салынган Айя Ирини эстелик музейи болсо кечээ 50 миң 243 кишини тосуп алды. Материал жана архитектурасы менен кадимки византия түзүлүшү болгон «Айя Ирини», 1453-жылы Стамбулдун каратылышынан кийин анчалык өзгөргөн жок.

Көпкө чейин олжо жана курал-жарак жертөлөөсү катары колдонулган музей, 1869-жылы Музей-и Хумаюн (Империя музейи) деп аталды. Бара-бара көргөзмө жайларынын жетишсиз болушунан улам бул жердеги эмгектер 1875-жылы Чинили павильонго алып барылды.



Тектеш кабарлар