Тайвандын асманындагы кооздук...

Тайванда 9 саат бою асанүсөн асмандан кетпей турду.

861184
Тайвандын асманындагы кооздук...

Борбор шаар Таипейдеги Кытайдын маданият университетине жакын жерде пайда болгон асанүсөн 9 саат бою көздүн жоосун алып турду.

Университеттин илимпоздору жана студенттери тарабынан байкалган асанүсөн, 30-ноябрда жергиликтүү убакыт боюнча саат 06:57ден тартып 15:55ке дейре катталды.

Кытайдын маданият университетинин атмосфера илимдеринен проф.Чоу Куншуан, мындай нерсенин сейрек кездешкенин айтты.


Этикеткалар: #Таипейдеги , #асанүсөн

Тектеш кабарлар