Түркияда адам сымал таштар музейи ачылды

Таштардын бири Трампка окшош

857684
Түркияда адам сымал таштар музейи ачылды

Түркияда биринчи жолу Адам сымал таштар музейи Эдирненин Узункөпрү районунда ачылды.

Музейде табияттан чогултулган жана адам келбетиндеги таштар көрсөтүлүүдө.

Музейдин негиздөөчүсү Ахмет Аслан таштардан бирөөнү АКШнын президенти Дональд Трампка окшоштурду.

Негизги кесиби чабандык болгон Ахмет Аслан Трампка окшошкон ташка байланыштуу: «Үстүнө сары чач коюлган учурда мунун Трамптын көчүрмөсү болоорун ойлодум. Мага ошондой көрүндү. Түшүндүрүп бергенде адамдар да ошондой көрө башташты»,-деди.

Музейдеги адам сымал таштар келгендерди башкача көз караш менен карагоо жана ойлондурууга багыттап жатат.

Узункөпрүдөгү музейде 150дөн ашуун таш көрсөтүлүүдө.  


Этикеткалар: #Адам сымал , #Эдирненин

Тектеш кабарлар