Космостуктар жер шарын мурда эле табышкан
Канаданын мурдагы коргоо министри Пол Хеллиер,космостуктардын темасын жашырыш үчүн триллиондогон доллар каржыланганын да жактады.
Канаданын мурдагы коргоо министри Пол Хеллиер,1960-жылдарда 4 түрдүү космостуктун Жер шарына келгенин, бирок аларды атып салгандарын айтты.
Пол Хеллиер, космостуктардын темасын жашырыш үчүн триллиондогон доллар каржыланганын да жактады.
Англиянын басма сөзүндө орун алган кабарга караганда 1963-1967-жылдар аралыгында Канаданын коргоо министри кызматын аркалаган Пол Хеллиер, 1960-жылдарда космостуктар менен байланышка өтүлгөнүн алдыга койду.
Пол Хеллиер: «Көп жылдар мурда башка планеталардан келгендер болду жана жер шарынын абалы темасында бизди эскертти. Бизге жардам сунушун кылды. Биз да буга карабастан аларды коркунуч катары көрдүк жана алгач ок аттык, андан кийин суроо берүү тактикасын байкадык»,-деди.
Суук согуш мезгилинде космостуктар менен байланышкандарын айткан Хеллиер: «1961-жылы Суук согуш мезгилинде 50 НЛО (("Unidentified Flying Object"/ аныкталбаган учкан нерсе) Орусиядан Евроапага түшө баштады. Командирибиз абдан санааркады жана дүрбөлөң түйүнүн басып армияны даяр абалга келтирди. Андан кийин ачылган териштирүү 3 жылга созулду жана төрт башка түрдөгү космостуктун планетабызга келгени белгиленди»,-деди.
Пол Хеллиер, космостуктардын Андромеда жана Сатурндын Айынан келгендерин маалымдады.
Тектеш кабарлар
Жасалма интеллект менен үн жасоо...
OpenAI тарабынан компаниясынын үндөрдү клондоочу жаңы технологиясына байланыштуу билдирүү жасалды.