Роналдунун бөлөсү Түркияга келин болгону жатат

Роналдунун бөлөсү Кристин Гроссо аланиялык Мехмет Гүвенер менен турмуш курууга бел байлады

795873
Роналдунун бөлөсү Түркияга келин болгону жатат
Christine Grosso alanya.jpg
Christine Grosso.jpg

Роналдунун бөлөсү Түркияга келин болгону жатат.

Испаниянын дүйнөгө таанымал Реал Мадрид клубунун портулагиялык жылдыз футболчусу Криштиану Роналдунун бөлөсү Кристин Гроссо, АКШда жашаган түрк Мехмет Гүвенер менен турмуш курууга кадам таштады.

АКШда бир ишкананын жетекчиси болгон аланиялык Мехмет Гүвенер Криштиану Роналдунун тайэжесинин кызы Кристин Гроссо менен үйлөнгөнү жатат.

Аланияда бир яхтада түрк салттары боюнча кына жагуу кечеси өткөрүлгөндөн кийин эки жуп Ронулдунун учагы менен Португалияга жөнөп кетишти.

Эки жаш 2018-жылдын 20-январда Ямайканын Lucea шаарында өткөрүлө турган үлпөй той менен түбөлүк кол кармашат.


Этикеткалар: #Роналдуну , #Ямайканын

Тектеш кабарлар