Мышыктар 9 миң жылдан бери адамдар менен жашап жатат

Мышыктардын колго үйрөтүлүшү 9 миң жыл мурда Жакынкы Чыгышта башталгандыгы ортого чыкты.

756463
Мышыктар 9 миң жылдан бери адамдар менен жашап жатат

Мышыктардын колго үйрөтүлүшү 9 миң жыл мурда Жакынкы Чыгышта башталгандыгы ортого чыкты.

БиБиСиде орун алган кабарга караганда эл аралык изилдөөчүлөр Викинг мазары, Египет мумиясы жана таш доору аймактарындагы 200дөн ашуун мышыктан алынган ДНКдан жолго чыгып Жакынкы Чыгыш жана Египетте колго үйрөтүлгөн мышыктардын биринчи үлгүлөрүнүн 9 миң жыл мурда көрүлгөндүгүн аныктады.

ДНК үлгүлөрүнүн анализделиши менен мышыктардын дыйканчылык башталган Жакынкы Чыгыш жерлеринде 9 миң жыл мурда колго үйрөтүлгөндүгү белгиленди.

Мышыктар бир канча жылдан кийин да мурунку Египетте колго үйрөтүлдү. Рим мезгилинде Европага жайылган мышыктар Викинг мезгилинде дагы да алыскы аймактарга барды. Викинг  портунда табылган мышык ДНКлары мышыктардын Түндүк Европага деңиз соода жолу аркылуу алып барылгандыгын ортого салды. Мышыктар Антарктида тышында дээрлик бардык континентте жашай алышат.



Тектеш кабарлар