Мароккодо 300 миң жылдык адам калдыктары табылды
Бул ушул учурга чейинки эң байыркы сөөк калдыгы болуп саналат
748319

Мароккодо 300 миң жылдык адам калдыктары табылды.
Мароккодо казуу иштерин жүргүзгөн эл аралык изилдөө тобу, Юсуфие аймагындагы Жебель Ихуд айылына жакын жерде адамдын сөөк калдыктарына кездешти.
Калдыктардын болжол менен 300 миң жылдык экени белгиленди.
Археологдор мунун ушул учурга чейин табылган эң байыркы адам калдыктары экенин маалымдашты.
Буга чейин жүргүзүлгөн казууларда изилдөөчүлөр, 100 миң жылдык адам калдыктарын табышкан болчу.
Тектеш кабарлар

Дүйнөнүн билинген эң эски деңиз жылдызы табылды
480 миллион жыл мурунку дүйнөнүн билинген эң эски деңиз жылдызы табылды.