Үч жылдыздуу планета

Үч жылдыздуу планета табылды

525728
Үч жылдыздуу планета

Американын космостук агенттиги НАСА үч жылдыздуу жана көлөмү жагынан да Юпитерден төрт эсе чоң болгон планета тапты.

«HD 131399Ab» аттуу планетанын 16 миллион жылдык деп божомолдонуп жаткандыгын белгилеген НАСА өз билдирүүсүндө, Юпитерден төрт эсе чоң болгон жана температурасы 580 сантиград экени айтылган планетанын Күн системасынан орто эсеп менен 340 жарык жыл алыстыкта жайгашканы сөз кылынды.

Чилинин түндүгүндөгү Европанын түштүк байкоо салуу борборунун ири телескобу менен изилдөөлөрдү жүргүзгөн Аризона университетинин астрономия жана космостук илимдер мугалими, ошондой эле НАСАнын башкы изилдөөчүлөрүнөн др. Даниэль Апаи менен Аризона университетинин докторантура студенти Кэвин Вагнер изилдөөсүнүн жыйынтыгын илим журналында жарыялашты.



Тектеш кабарлар