Аспендосто жүргүзүлгөн казууларда эски жазуу табылды

Хажеттепе университетинин археология бөлүмүнүн мугалими доцент Вели Көсе байыркы шаарга байланыштуу казуу иштерин эки аянтта жүргүзүшкөндөрүн айтты

498993
Аспендосто  жүргүзүлгөн казууларда эски жазуу табылды

Аспендос байыркы шаарындагы казуу иштеринин башчысы жана Хажеттепе университетинин археология бөлүмүнүн мугалими доцент Вели Көсе байыркы шаарга байланыштуу казуу иштерин эки аянтта жүргүзүшкөндөрүн айтты. Көсе шаардагы эки кабаттуу дүкөндөр болгон аянт жана чиркөөлөрдө казуу иштеринин жүргүзүлгөндүгүн айтты.  «Түштүк батыш жагында казуу иштерин баштаганбыз. Бул жерден түрдүү табылгаларды таптык. Анын тышында 235  - 270  - жылдарда жазылган тарыхый жазууларды таптык. Жазууда  айкелдин тургузулушанан сөз болгон. Казууларда Аспендостун адам боюндагы айкели чыкты. Бул айкелдин азырынча Аполлон экендигин айтуудабыз, бирок башын тапкандан кийин эмне экендиги такталат»,- деди Пекер.



Тектеш кабарлар