Ататүрктүн эрдигине таазим...

«Ататүрк» мавзолейи менин чектелүү маалыматыма чекит коючу таасир берди.

199031
Ататүрктүн эрдигине таазим...

Ататүрктүн эрдигине таазим...


Ошентип Анкарадагы ТРТ каналына иш тажрыйба алмашууга келген күндөн тартып кесиптешибиз Бакыт Ашыракманов агай менен Анкарага арбын эле саякат жасадык. Бирок, ошол саякаттардын ичинен бизге өзгөчө таасир бергени бул - Ататүрк мавзолейи болду. Атагы алыска тарап, тарыхта аты алтын тамгалар менен жазылып калган Мустафа Кемал Ататүрк баарыбызга маалым деген менен, анын атын угуп, бирок бүтүндөй түрк эли үчүн эмне иш кылганын анчейин жакшы биле бербегендер дагы жок эмес. Анын бир мисалы катары өзүмдү айтсам болот. Чынында мен Ататүрк тууралуу жакшы билбейт элем. Бирок биз саякат жасаган Анкаранын так ортосундагы бир дөбөдө жайгашкан «Ататүрк» мавзолейи менин чектелүү маалыматыма чекит коючу таасир берди.


Даңазалуу Осмон империясы кулап, биринчи дүйнөлүк согушта жеңилүү ызасын тарткан түрк элинин туусу түшүп, үмүттү өчүп, ой-максаттары ойрон болуп, мамлекет катары жок болуп кетүү коркунучунда турганда, какшыган чөлгө суу, кайгырган жанга шаң, карарган түнгө таң келген сымал, улуу жол башчы Мустафа Кемал душмандардын эзүүсүнөн жалкыган элдин өчкөн үмүттөрүн тутандырган. Ал кийин кырдаал, татаал мезгилде душмандардан элин жерин коргоп, караңгыдан жол таап, каптаган жоонун мизин кайтарып, бүгүн дүйнөдөгү азылуу мамлекеттердин катарында, өнүккөн өлкөлөрдүн бири болгон Түркия Республикасынын жолун кечээ түптөп кеткен. Мындай тыянакка албетте мавзолейди көргөндөн кийин келип, Ататүрктүн эрдигине таазим кыласың. Анан тарыхта калтырган изин таамай көрсөтүп, кудум эле тасма сыяктуу көз алдың таасирдүү тарткан мавзолейдин ичинде бир башкача таасирдүү карт тарыхтын казынасы жатат.
 
Өтө бийик чеберчиликте курулган бул мавзолейди курууга 9 жылдай убакыт сарпталыптыр. 1938-жылы даңазалуу Ататүрк Мустафа Кемал каза болгондон кийин Түркия мамлекетинин экинчи президенти болгон Исмет Инөнүнүн бекитүүсү менен мамлекеттик деңгээлдеги чоң сынак жарыяланып, ал сынактан мыкты деп тандалган эки ахитектор проф.др.Эмин Онат менен дц.др.Ахмет Орхан Арданын долбоорлору кабыл алынып, курулуш иши 1944-жылы башталган. Мавзолейдин курулушуна бүтүндөй түрк эли түрө көтөрүлүп жардам берип, Түркиянын ар тарабынан баалуу таштар алып келинген. Жалпы журт жабыла жардам кылган ыйык жай 1953-жылы курулуп бүтүп, Мустафа Кемал Ататүрктүн сөөгү жерге берилген. Ага чейин сөөк дарылоо жолу менен сакталган. Атагы алыска угулган Ататүрк мавзолейине Анкарага келген ар бир конок сөзсүз барса, Мустафа Кемаль Ататүрктүн эрдигине таазим кылып, түрк элинин улуу тарыхынан жетиштүү маалымат алып, өтө чоң таасир менен кайтаарында шек жок.

Сүрөттөрдү толук көрүш үчүн муну басыңыздар!

ТРТнын «Түркия үнү» радиосу үчүн,
КТРКнын кызматкери Мунара Алимжан кызы


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар