Чет өлкөдөгү түрктөр жана тектеш коомчулуктар башкармалыгынын долбоорлору

Түркиянын жардам мекемелери-9

1155362
Чет өлкөдөгү түрктөр жана тектеш коомчулуктар башкармалыгынын долбоорлору
YTB 3.JPG
YTB.jpg
ytb.JPG
YTB Başkanı Abdullah Eren BM'deki konuşması.jpg

Чет өлкөдөгү түрктөр жана тектеш коомчулуктар башкармалыгынын долбоорлору

Урматтуу окурмандар «Түркиянын жардам мекемелери» аттуу программабызда Чет өлкөдөгү түрктөр жана тектеш коомчулуктар башкармалыгын (YTB) үч аптадан бери таанытып келдик.

Бул аптадан баштап, Чет өлкөдөгү түрктөр жана тектеш коомчулуктар башкармалыгы (YTB) тарабынан ишке ашырылган бир топ долбоордун арасында шексиз өзгөчө орунга ээ болгон жана 2012-жылы ишке ашкан «Түркия стипендиялары» программасы тууралуу сиздерге кыскача айрым маалыматтарды беребиз.

«Түркия стипендиялары» студенттерге бир гана стипендияны камсыздаган эмес ошол эле убакта университетке жайгашуусун камсыздаган программа болуп эсептелет. Бул өзгөчлүгү менен дүйнөдөгү башка стипендия программаларынан айырмаланып турат.

2018-жылдагы статистикалык маалыматтарга көз чаптырганыбызда 164 өлкөдөн 138 миң студенттин өлкөбүздө жогорку билим алуу үчүн кайрылганын көрүүдөбүз жана университет билимин аяктап өлкөлөрүнө кайтышканда Түркия жана Түркияда жогорку билим алууга карата оң байкоолорун өз атуулдары менен бөлүшкөндөрү үчүн бул сандын жыл сайын өскөнүн байкоодобуз.

2000-жылдардын башынан тарта Түркиянын тышкы саясаттан маданиятка, экономикалык өнүгүүдөн социалдык саясаттарга чейин бардык тармакта көрсөткөн чоң өнүгүүсү, эл аралык билим берүү тармагына да чагылышты жана бул тармакта маанилүү кадамдар таштала баштады.

Айлык стипендиядан тышкары учак билети, университетке кошуча төлөм, жалпы саламаттык сактоо камсыздандыруусу, жатакана жана Түрк тили курсу да Түркия стипендияларынын алкагында камсыздалууда. Буларга кошумча түрдө студенттерге Түркияда болгон убагында академиялык, социалдык, маданий жана спорттук иш-чаралар менен программалар сунушталууда.



Тектеш кабарлар