Чет өлкөдөгү түрктөр жана тектеш коомчулуктар башкармалыгынын миссиясы

Түркиянын жардам мекемелери-7

1147794
Чет өлкөдөгү түрктөр жана тектеш коомчулуктар башкармалыгынын миссиясы

Чет өлкөдөгү түрктөр жана тектеш коомчулуктар башкармалыгынын миссиясы

Урматтуу окурмандар өлкөлөрдүн негизги максаттарынан бири, дүйнөнүн кайсы жеринде болсо болсун атуулдарынын укук жана кызыкчылыктарын коргоо болуп саналат. Эгемендүү өлкөлөргө тийиштүү бул иш-аракет, тышкы саясаттын негизги темаларынан бири болушу менен бирге ошол эле убакта баш тартылгыс аброй маселеси болуп эсептелет.

Түркиянын 2000-жылдар менен бирге арткан тышкы саясат иш-чарасынын жетелөөчү күчтөрүнөн бири да 1960-жылдардан тарта чет өлкөдө жашаган жана бүгүнкү күндө саны 6 миллиондон ашкан атуулдарыбыздын пайдасын байкоо болду.

2010-жылы курулган Чет өлкөдөгү түрктөр жана тектеш коомчулуктар башкармалыгы (YTB), ушул алкакта саясаттарды белгилөө жана булардын ишке ашырылышында координация иштерин аткаруу мененмилдеттендирилген.

Бул диаспора дипломатиясы боюнча мекеме деп атай ала турган Чет өлкөдөгү түрктөр жана тектеш коомчулуктар башкармалыгы (YTB),көпчүлүгү Европа материгиндеги өлкөлөрдө жашаган Түрк жарандарынын Түркия булактуу иш жана процедураларын жеңилдетүү менен катар маданий кимликтеринин сакталып өнүктүрүлүшү, билим берүү жана статус арттыруучу кызамтардан пайдалануулары, негизги мекенге болгон тийиштүүлүгүнүн сакталышы жана бөлүүчү ишке ашырууларга каршы аң-сезимдеринин ойготулушу сыяктуу жагдайларда аларга колдоо көрсөткөн иш-аракеттерди жүргүзүү болуп эсептелет.

Бул аянттагы иш-чараларды, өзгөчө чет өлкөдө жашаган жаш калкка багыттаган Чет өлкөдөгү түрктөр жана тектеш коомчулуктар башкармалыгы (YTB), Түрк атуулдары жашаган өлкөлөрдө толук мүмкүнчүлүк теңдигине ээ болуп, жашаган коомдоруна активдүү, пайдалуу жана урматталган түрдө кошулууларын камсыздоону максаттайт.

 



Тектеш кабарлар