Түркиянын жардам мекемелери-1

Түркиянын кызматташтык жана координация агенттиги башкармалыгы (ТИКА)

1120525
Түркиянын жардам мекемелери-1

Урматтуу окурмандар,«Түркиянын жардам мекемелери» аттуу программабызда «Юнус Эмре» институту, Чет өлкөдөгү түрктөр жана тектеш коомчулуктар башкармалыгы, Кызылай жана Түркиянын кызматташтык жана координация агенттиги башкармалыгы (ТИКА) сыяктуу дүйнөдөгү бир топ өлкө жана аймакта ар түрдүү социо-маданий дорлбоорлорду ишке ашырган мекемелерибиз тууралуу кеп кылабыз. Ушул алкакта эң оболу ТИКАнын тарых-таржымалы тууралуу айрым маалыматтарды берип, кийинки программабызда ТИКАнын иш-чараларына токтолобуз.

http://www.trt.net.tr/kyrgyz/video/turkiia-1/tika-turkiianyn-zhardam-miekiemiesi 

ТИКА, 1991-жылы Суук согуштун соңуна чыгышы жана Советтик Социалисттик Республикалар Биримдигинин (СССР) таркашы менен Түрк тилдүү республикалардан баштап Түркиянын тарыхый-маданий тыгыз байланыштары болгон аймактар менен күчтүү кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн 1992-жылы түзүлдү.

1992-2002-жылдар аралыгында чет өлкөдө 12 кеңсе менен бардыгы 2500 долоорду ишке ашырган ТИКА, Түркиянын жүргүзгөн активдүү жана принциптүү тышкы саясатына байланыштуу түрдө иш алып барган өлкөлөрдүн санынын күн өткөн сайын артканын көрүүдөбүз. ТИКА бүгүнкү күндө 59 өлкөдө 61 Программа координациялоочу кеңселери менен 170 өлкөдө ишин жүргүзгөн глобалдык уюмга айланды. Түркиянын ТИКА аркылуу дос өлкөлөргө карай жасаган иштеринин негизинде тынчтык алкагын түзүү аракети бар.

ТИКА, Түркиянын президенти Режеп Таййип Эрдогандын «Дүйнөнүн ар тарабына жетип, кайда муктаждар бар болсо Түркия катары ал жакка барып азбы же көппү жардам беребиз»,деген сөздөрү менен чийген багыты боюнча жыл сайын дагы көп аймакка жана адамга жардам колун сунууда. ТИКА, барган ар бир жерде билим берүүдөн тартып саламаттык сактоого чейин, төрөлгөндөн өлгөнгө дейре адамдын жашоосуна тиешеси болгон бардык тармакта долбоорлорду иштеп чыгуусун улантууда.

 



Тектеш кабарлар