Түркиянын жаңы көз карашы-15

Өзгөргөн дүйнөдө Түркиянын жаңы көз карашы.

477251
Түркиянын жаңы көз карашы-15

2015-жылдын 7-июнундагы шайлоолордон кийин ПКК кайрадан террордук кол салууларын баштады. Эске сала турган болсок коомчулук бул акциялардан көп биринчи ок атууну ким баштаганын талкуулап жатты. Акцияларды ким биринчи баштаганы темасы бир топко дейре талаш туудурду. ПКК жана анын жандоочтору, теракттарына «Сарайдын согушу» деген ат коюп койгон. Ал эмес шейит болгон коопсуздук кызматкерлери үчүн «сарайдын шайкалары» деп атоосун дагы деле улантууда.

Эми болсо үстөлдү кимдин оодарып жибергени темасы күн тартипте эмес. Анткени ПКК жана жандоочтору негизги үстөлдү оодарган жана кандуу сценарийди сахналаган кишини, б.а. Өжаланды бул иштин тышында кармай турган климат түзө алышты.

Мамлекеттин диний көпчүлүгү , эч болбосо энелер ыйлабасын, туугандык ууланбасын, келечегибиз карарбасын жана дагы көп кан төгүлбөсүн деп «бала өлтүргүч» деп билишкен кишилерди «тынчтык элчиси» сыяктуу кароого ыраазы болушту. Ал эми Өжалан бул кечиримдүүлүктү, чыгыш куулугу менен өзүнө берилген насыя сыяктуу эмес, бул өзүнүн чыныгы жөндөмдүүлүгү сыяктуу көрсөтүүнү каалады.

ХДП жана ПККнын Өкмөткө «үстөлдү сен оодардың» деп жатканда чыныгы максаттарынын үстөлдү тээп жиберген «куу канкорду» жашыруу болгонун билип калганыбызда, эми андай маалыматтын ишибизге жарабай турганын байкадык.

Бул абал чынында жөнөкөй сыяктуу көрүнүшү мүмкүн бирок мен анчалык жакшы ойдо эмесмин. Бул абдан баш аламандуу тема.

Бир террор уюмунун камакта жаткан корбашчысынын өз уюмун башкаруусун улантып жатышын жөнөкөй эле тема сыяктуу карабашыбыз керек.

Уюм жана анын жандоочтору, курал менен кылгысы келгендерин чындыгында куралсыз жасап көрүүгө аракет кылышты. Мисал үчүн үстөл, сүйлөшүү жана чечүүчү жол багытында болгон өзгөрүүлөрдү көзөмөлгө алып, курал менен кылына тургандарды куралсыз жасоо интригасын жүргүзүү эле.

Сүйлөшүү үстөлүнө отурушунун себеби курал таштоо жана аккан канды токтотуу эмес, курал менен жасай тургандарын, куралсыз да жасоо үчүн шарт түзүп алуу болчу. Бул шарттын түзүлбөгөнүн же түзүлбөй турганын көргөндө кайра куралдуу акцияларына кайтышты..

Имралыдагы жолугушуу күндөлүгүнөн түшүнүктүү болгондой Өжалан өзүн Жакынкы Чыгыштын, Түркиянын жана аймактын жалгыз куткаруучусу катары көрүүдө.

Ал эми бул куткаруу сценарийинин ишке ашырылышы үчүн хаоско муктаждык болгон. Бардык мүчөлөрүн да бул хаосту ишке ашырыгдай механизм менен уюмдаштырды. Хаостун аянты абдан кеңири болгондуктан сүйлөшүүлөр уланып жатканда дагы тоого мүчө алып баруусун, тоодон жөнөтүүсүн улантып жатты.

Бул пландын уланышы үчүн да Өжалан эки багыттуу план даярдаган, биринчиси аймак адамынын б.а. күрттөрдү максатсыз жана эч нерседен кабарсыз бир каракчынын буйругу астына киргизүү, экинчиси болсо Түркияны башкарылгыдай болуудан чыгара турган абалдарга терең колдоо көрсөтүү эле.

Оболу аймакта эч бир бош аянт калбагыдай түрдө коомдоштуруу иш-чараларын баштады, анын максаты учурдагы социологиялык жагдайды өзгөртүү эле. Уюмдун идеологиясы учурдагы социология боюнча курулууга ылайыктуу болбогондуктан кудум эле рух эгизи жонтүрктөр (жаш түрктөр) сыяктуу мамиле кылды, коомду өзгөрттү.

Улутчулдардын жана Кемалисттердин аймакта 80 жылда кыла албаган дегенерациясын уюм акыркы 10 жылда аткарды.

Эркектердин башындагы пушини да чечтире албаган жаш түрктөргө карабаган ПКК, күрт аялдарынан ажырагыс болгон «намыс» түшүнүгүн акыркы жылдарда толук түрдө жыртык чүпөрөккө айлантты.

ПКК, демократия кемчилигинин себебинен болуп жаткан күрт маселесин күрттөрдү кызыктырган тема болуудан чыгарды. Мындай ийгиликке жетишкен уюмду оңой көрбөш керек.

Жыйынтыктасак, учурда аймакта адамдар уюмдун ыпылас жүзүн көрүштү жана бул каракчыларга оңой менен ишенишпей калышты, бирок бул абал алардын мамлекетке жана өкмөткө ишенгендери түшүнүгүн бербейт. Эгер этият кылынбалса ПКК жана Өжалан бул маалыматты иштебегидей абалга келтирет. Кудум эле үстөлдү кимдин оодарганын билүүнүн кажети калбаганы сыяктуу...

Йылдырым Беязыт университетинин Адам жана коомдук илимдер факультетинин социология бөлүмүнүн окутуучусу проф.др Мазхар Баглынын темага байланыштуу баамдоосун окудуңуздар.


Этикеткалар: #ПКК , #террордук , #Түркиянын

Тектеш кабарлар