Билим жолунда-73

Желал Баяр университети-2

292320
Билим жолунда-73


«Көз менен чындыкты көрө албайсың. Адам чындыкты жүрөгүндө сезиши керек»
«Билим жолунда» программабызды бүгүн Антуан де Сент-Экзюперинин дүйнөгө таанымал китеби «Кенже принцтен» бир өзүндү менен баштадык.
Сиздер да биз сыяктуу жүрөк менен сезип изденүүнүн маанисине ишенсеңиздер, анда туура жердесиздер! Эми эл аралык билим берүү жөнүндө маалымат берүүнү улантабыз.
Эч кабатыр болбо Кенже принц бул изденүү бизди чындыкка жеткирээрине ишенебиз!
Эми Манисадагы Желал Баяр университетинин ректору проф. доктор Кемал Челеби менен болгон маектешүүнү токтогон жерден улантабыз.

Кемал мырза айтсаңыз чет элдик студенттер эмне үчүн Манисаны тандашы керек:
«Маниса 4000 миң жылдык тарыхы бар Түркиянын маанилүү шаарларынын бири. Лидиялыктар, Рим, Византия жана осмондуктарга чейин созулган тарыхты камтыйт.
Маниса мифологиясынын баатырларынан Берекет теңирчелери Кибела менен Ниобанын шаары. Дүйнөдө христиандар тарабынан маанилүү деп кабыл алынган 12 чиркөөдөн Акхисар, Салихли жана Алашехирде калдыктары бар үчөө Манисада жайгашкан. Аймакка аты коюлган Аигаи б.а Эгей чеби ушул жерде орун алган.
Улужами менен Осмон мезгилиндеги эстеликтер Хатунье, Султан жана Мурадие мечиттери, медресе, оорукана, музей, мейманкана жана базарлары менен даңазаланган Маниса тарыхый шаар.
Фатих Султан Мехмет жана Кануни Султан Сулейман сыяктуу дүйнөдөгү эң чоң мамлекеттердин бири Осмон мамлекетинин башчылары Манисадан чыккан.
Маниса климаттык шарттары, кооз жаратылышы жана Измир сыяктуу жээк шаарларына 30 километр жакын болушу менен да ыңгайлуу шаар болуп саналат.
Урматтуу ректор Чет элдик студенттер эмне үчүн Желал Баяр университетин тандашы керек?
«Желал Баяр университети медицина, инженердик, экономика, дин, спорт жана окутуучулук тармактарына кызыккан студенттер үчүн ыңгайлуу университет. Университетибиз 23 жылдык тажрыйбасы, мыкты мугалимдери, аккредитация топтору, спорт, көркөм өнөр жана маданий иш-чаралары, социалдык жана тажрыйба алмашуу мүмкүнчүлүктөрү жаңыланууга ачык демилгечи түзүлүшү менен тандалышы керек болгон университет.
Университетте кайсы өлкөлөрдөн келген студенттер билим алып жатышат жана чет элдик студенттер үчүн кандай артыкчылыктар бар?
«Азербайжан, Сирия, Ооганстан, Германия, Болгария, Кытай, Палестина, Орусия жана Жаңы Зеландия менен катар 52 өлкөдөн жалпы 524 чет элдик студент бар. Университетибиз студенттерибиздин Манисага келгенден кийинки бардык мезгилдерде аларга жол көрсөтүп жана ар кандай мүмкүнчүлүктөрдү тартуулоодо.
Каттоо иштери аяктагандан кийин өлкөдө жашаш үчүн документ алуу жана жатакана муктаждыктарын камсыздоодо жардамчы болобуз. Шайкеш келүү маселеси жаралбашы үчүн ар түрдүү программаларды уюштуруп, Маниса жана университетибиз менен таанышуу мүмкүнчүлүгүн түзүп, социалдык жашоодо туш боло турган бардык маселелерде студенттерибизге колдоо көрсөтүүдөбүз. Университетибизде билим алып жатышкан чет элдик студенттер үчүн көптөгөн иш-чаралар болот. Университетибизге жаңы катталган студенттер үчүн шаарды жана айлана чөйрөнү таанытуу максатында университетибизде фестивалдар өткөрүлүп турат. Ар башка өлкөлөрдөн келген студенттер өз өлкөлөрүнүн майрам күндөрүндө же көз карандысыздык күндөрүндө түрдүү программаларды даярдашат жана университеттин бардык студенттерине тартуулай алышат.
Кемал мырза чет элдик студенттерге кандай чакыруу айтаар элеңиз?
«Урматтуу жаштар, эч бир жай сизге үйүңүздөгү үй-бүлө жылуулугун тартуулоо мүмкүнчүлүгүнө ээ эмес. Желал Баяр университети сиздерге сапаттуу билим берүү менен катар өзүңүздөрдү өз үйүңүздөрдө жүргөндөй сезе турган чөйрө тартуулайт.
Сиздерди кооз жаратылышы, социалдык жайлары жана тарыхый баалууктары менен алдыңкы планга чыккан шаарга чакырамын. Түрдүү маданий жана социалдык жашоо, 24 саат маалыматка оңой жетүү, 16 Европа өлкөсүндө 47 университет жана 5 материктеги 15 өлкөдө 19 университет менен Эразмус, «Мевлана» студент алмашуу программалары жана Болонья критерийлерине шайкеш келген билим берүү, 13 бөлүмдө кош кафедра мүмкүнчүлүктөрү үчүн сиздерди Манисага, Желал Баяр университетине күтөмүн».


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар