Билим жолунда-72

«Желал Баяр» атындагы университет

291417
Билим жолунда-72


Адамды сулуу кылган адамдын жүзү.
Жүздү сулуу кылган анын көзү.
Адамды адам кылган анын сүйлөгөн сөзү.
«Билим жолунда» программабызды бүгүн Түрк-Ислам маданияты үчүн абдан маанилүү болгон «Кутатгу билиг» чыгармасын жазган Юсуф Хас Хажибдин сөздөрүнөн бир үзүндү менен баштадык. Ой жүгүртүүнү жана аң-сезимди өнүктүрүүнүн жолу жакшы билим алуу экенин унутпайлы!
Эми болсо убакытты көп созбостон жолго чыгабыз жана сиздерди кооз шаар Манисага алып барабыз!
Маниса- Эгей аймагындагы Измирден кийинки эң чоң шаар болуп саналат. Тарыхы Рим империясына чейин созулган, байыркы доордогу аты болсо Магнесиа деп аталган бул шаар Осмон империясы убагында да өзгөчө мааниге ээ болгон. Осмон мезгилинде ханзаадалар б.а падышанын уулдары 10-17 жаштарында аймактык башкаруучулуктарга жөнөтүлүп, лала деп аталган абдан тажрыйбалуу мамлекеттик ишмерлердин көзөмөлүндө жетилген. «Санжак» деп аталуучу аймактык башкаруучулуктардын арасында болсо эң атактуусу Маниса эле. Учурда да Манисада «Султандын уулдары» маанисин туюнткан Шахзаадалар атындагы район бар.
Маниса, Измирге жакын жайгашышы жана ири ишканалар борбордук базистерин ушул жерге кургандыктары үчүн өнөр жай тармагында Түркиянын эң ылдам өскөн областтарынын бири. Гедиз өрөөнүнө жакын жайгашышынан улам Манисада ар түрдүү өсүмдүктөр өсөт. Атактуу Акхисар зайтундары, сапаттуу кебез өндүрүшү, тамекиси жана алчасы менен Маниса айыл чарба өндүрүшүндөгү алдыңкы үч шаардын бири. Акыркы жылдарда органикалык айыл чарба өндүрүшү, суу сактагыч жана көлдөрү менен Маниса эко-туризм тармагында да маанилүү потенцияга ээ болду. Жүзүмү жана месир мажуну менен таанымал болгон бул шаарда жыл сайын фестивалдар өткөрүлүп турат.
Жаратылышы кооз жана тынч шаар Манисада ээр жасоо, болот жана жез иштетүү сыяктуу салттык кол өнөрчүлүк да улантылып келе жатат.
Эми Манисадагы Желал Баяр университетинин ректору проф. др Кемал Челеби менен кезигүүгө кезек келди. Бул университеттин баянын өзүнөн угалы:
«Алгач муну бегилеп кетким келет. Университетибиз Түркиянын Республика тарыхынын эң маанилүү мамлекеттик ишмерлеринин биринин атынан коюлган. Аны менен сыймыктанабыз. Желал Баяр; Мустафа Кемал Ататүрк башкаруусунун акыркы өкмөт башчысы жана 1950-1960-жылдардын аралыгында Түркия Республикасынын үчүнчү жана аскер тектүү болбогон президенти катары кызмат кылган. «Желал Баяр» атындагы университет болсо 1992-жылы Түркиянын байыркы шаарларынын бири болгон Манисада курулган. 10 факультет, 5 техникум, 3 институт, 15 кесиптик окуу жай, 23 изилдөө жана практика борбору жана 600 орундуу ооруканасы менен билим берүү, изилдөө жана дарылоо комплекси катары кызматтарын улантууда.
«Желал Баяр» атындагы университет медицина, инженердик, мугалимдик, дин, экономика жана спорт тармактарында бакалавриат билим берүүсүн улантууда».
Урматтуу ректор, социалдык мүмкүнчүлүктөрдөн кыскача маалымат бере кетсеңиз.
«Жаштар жана спорт министрлигине караштуу болгон жатаканаларыбыз 8000 орундуу. Улуттук билим берүү министрлигинин көзөмөлүндөгү Бакалавриат студенттеринин жатканасы болсо 300 орундуу. Жатаканалар менен камсыздоочу мекеме каалаган ар бир студентти жатакана менен камсыздоодо. Айрыкча Маниса студенттердин бюджетине ылайыктуу шаар болгондуктан жана Маниса калкы студенттерге абдан жакын мамиле жасагандыктан студенттер үйлөрдү оңой эле ижарага ала алышат. Шаардын борборундагы кампустарыбызда соода борборлору, ашкана жана кафетерийлерибиз бар. Үстү ачык жана жабык спорт залдар, сууда сүзүүчү бассейн, бутбол жана теннис аянттары, ден соолукту чыдоо үчүн спорттук борборлор студенттерибизге кызмат көрсөтүшүүдө».

Дагы кандай мүмкүнчүлүктөр бар?

«Желал Баяр университетинде бир жылдын ичинде жүздөн ашуун маданий жана социалдык иш-чаралар өтүп турат. Атактуу ырчылар концерт коюп, таанымал жазуучу жана илимпоздор менен жолугушуулар уюштурулат.
Студенттерибиз 75 миңдей китеп, 1 миллион 200 миң электрондук китеп жана 18 дата базасынан 80 миң журнал орун алган китепканабыз, кино зал жана маданият борборубуздан пайдалана алышат.
Чет элдик студенттер үчүн тил үйрөнүү темасында да эч кандай маселе болбойт. Билим берүү борборубузда түрк тилин үйрөтүүчү курстарга катыша алышат».
Бул университет тууралуу бизди кызыктырган көп нерсе бар. Албетте «Желал Баяр» атындагы университеттин ректору проф. др Кемал Челебиге суроо узатууну келээрки жумада улантабыз.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар