Билим жолунда-49

Инөнү универси

160896
Билим жолунда-49


Урматтуу окурмандар ТРТнын Түркия үнү радиосунда сиздер менен кайрадан амандашып олтурабыз!
Бүгүн Анадолунун өзүнө таандык өзгөчөлүктөрү болгон бир шаарына, Малатияга сапар тартабыз. Албетте, максатыбыз аталган калааны эл аралык окуучулар үчүн ыңгайлуу абалга айландырган Инөнү университетин таануу, ал эми университет сыяктуу анын ичинде түзүлө турган шаардын абдан маанилүү экендигин билебиз. Ушул себептен эң оболу бардыгыбыз бирге Малатияны тааныйлы..
Малатия – мурдагы аты Малдиа, Анадолунун кесилиш жолунун боюнда орун алган, тарыхта Селжук менен Осмондордун цивилизациясын өөрчүткөн шаар.
Түркияда жана дүйнөдө өрүк өндүрүүдөгү ийгилиги менен атагы чыккан. Салттуу архитектурасы, ылайыктуу отурукташкан аянты, пландуу шаарга айлануусу, маданият жана соода борборлору, ошондой эле мамлекеттик театры менен таанымал калаалардын катарында.
Тарыхый үңкүр, базар, мончо, көпүрө жана мечиттери менен жайдыр-кыштыр көңүлдү бурат. Төрт мезгил бою жашоого ыңгайлуу, көркөм кооздукка ээ жайлары көргөндүн көз жоосун алат. Ошондой жайлардын бири, калааны тааныта турган Үнөнү университети. Салтка айлангандай эле окуу жайдын ректору Жемил Челикти кепке тарттык. Профессор өзү жетектеген университетти жаштар эмне үчүн көп тандап жатышканын төмөндөгүдөй айтып берди.
«Курулган күнүнөн тартып эле ылдам өнүккөн жана өскөн университетибиз, өлкөбүздүн илим, ой-жүгүртүү, искусство, экономика, саламаттык сактоо жана социалдык тармактарында мыкты адис экенин далилдеген квалификациялуу кадрларды жетилтип келет.
Коопсуздук жана тынчтык камсыздалган, кемсинтүү менен идеологиялык кысым болбогон, саламаттык сактоо, социалдык, маданий жана спорттук муктаждыктары толук жоюлган Инөнү университети заманбап лагери, жөндөмдүү билим берүүсү менен да алдыңкы орунда турат. Мына, жаштар окуу жайыбызды ушул себептен улам тандашууда».
Эми кезек Инөнү университетинин шаарчасындагы мүмкүнчүлүктөрдү билүүгө жетти.
«Студент жашаганы үчүн рахат ала турган шаарча аянты, сапаттуу билим берүүчү комплекстери менен катар социалдык жайлары, спорттук жана эс алуучу аянттары сабактан тышкары убакытты эң эле пайдалуу өткөрүүсүн камсыздайт. Инөнү университети; мүмкүнчүлүгү чектелгендерге карай билим берүү жана ишке ашыруу борборлору менен катар «тоскоолдуксуз кампус» иш-чаралары менен да Түркиянын алдыңкы жогорку окуу жайларынын бири. Кампус кеңири жашоо борбору болуп, окуучулар, бардык муктаждыктарын ал жерден сырткары чыкпай эле чече алышат.
Бардыгы болуп 3300 студентти батыра турган университеттин бул кампусунда 2500 кишилик мамлекеттик кыздар жатаканасы, 500 орундуу жеке менчик кыздар жана балдар жатаканалары, Малатиянын жалпысында да студенттер баш калкалай турган мамлекетик кыздар жана балдар жатаканалары менен жеке менчик жайлар бар».
Урматтуу ректорго студенттик шаарчадагы социалдык турмуш жана ийримдер тууралуу суроо узаттык:
«Инөнү университетинде билим алуучунун сезим жана ой-пикир дүйнөсүнүн өнүгүүсүнө салым кошуп, эстетикалык көз караштарын өнүктүрө турган искусстволук иш-чаралар унутулган жок.
700 киши бата турган 1 конференция, 3 семинар жана 1 балл өткөрүлүүчү зал болуп бардыгы 5 залдан турган, жабдылышы жагынан өлкөбүздө саналуу маданият борборлорунун бири болгон Инөнү университети «Тургут Өзал» атындагы конгресс жана маданият борбору бир топ конгресс, диспут, симпозиум, көргөзмө жана шаан-шөкөт өткөрүлүүчү жер. Жыл сайын уюштурулган жаз шаң-шапаттары, кыска метраждуу кино тасма фестивалы, «аргуван» түркү күндөрү жана кариьера күндөрү окуучунун социалдык жашоосуна дем күч кошкон иш-чаралар болуп саналат.
Студенттик кружоктор жагынан абдан бай болгон Инөнү университети, кружоктордун түзүлүшү менен окуучулардын бош убактарында ортого салган биргелешкен эмгектери жана биргелеше өткөргөн иш-чаралары менен бул убактарын эң жакшы түрдө өткөрүүлөрүн максаттап жатат. Бул да окуучулардын демилгечи болуу өзгөчөлүгүн арттырууда жана ишенимди артыруучу кишилер катары жетилүүүснө чоң салым кошууда».


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар