Билим жолунда-37

205250
Билим жолунда-37


«Булагына жетиш үчүн агымды көздөй сүзүү керек».
Бүгүн Билим жолунда программабызда польшалык акын жана жазуучу Станислав Леждин сөздөрү менен баштадык. Биз да илимдин булагына жетүү үчүн болгон күчүбүз менен иштешибиз керек экендигин билебиз!
Өткөн аптада сиздерди Анарада орун алган Түрк авиация мекемесинин университетине алып баргандыз. Бул аптада да ректорубуз проф.доктор Үнсал Бал менен маектешүүбүздү калган жерибизден улантабыз.
Урматтуу ректорубуздан бизди Түрк аба жолдорунун университетинин камсыздаган стипендиялары жана социалдык мүмкүнчүлүктөрү туурасында маалымат берүүсүн сурандык:
«Бардык университеттер сунуштаган мүмкүнчүлүктөрдүн дээрлик бардыгы бизде бар. Мыктыларга берилген стипендиялар жана буларга кошумча түрдө бир топ стипендия беребиз. Эң биринчи окуучуларыбыздын көпчүлүгү кызыккан суроого жооп берели: Эгерде бир окуучу биздин университетибизге стипендия менен кирген болсо окууну бүткүчөктү ошол бойдон уланат. Сабактарынан калса дагы стипендия алуусу улана берет. Ошондуктан 10 жылдык мөөнөттө окууну бүтүрө турган болсо 10 жыл бою стипендия берилет.
Албетте, Түрк авиация мекемесинин университетинин тарыхтан келген жоопкерчилиги да бар. Бул жоопкерчилик эмне десеңиз? Эркиндик көктөрдө деген Мустафа Кемал Ататүрк курган мекеме. Ошондуктан шейит жана ардагер балдарына карата чоң жоопкерчилигибиз болгонун билебиз. Ушул жагынан алганда Түрк авиация мекемесинин университетинин бөлүмдөрүнө келе турган шейит же ардагер балдары стипендиябыздан пайдалана алышат».

Бираз чет элдик студенттер жагынан карайлы. Урматтуу ректорго сиздин оюңузча чет элдик студенттер Түрк авиация мекемесинин университетинине эмне үчүн келсе болот?-деген суроо узаттык.
«Биринчиден бул аймактын жалгыз авиация жана космостук илимдер университети бизбиз. Жакынкы Чыгыш, Балкан өлкөлөрү, Москва, Киев, Берлин, Африкага чейин караганыңызда бир гана авиация жана космостук илимдер университети бар. Ал да Түрк авиация мекемесинин университети.
Ошондуктан чет элдик студенттер университетибизге келүүсү үчүн ушул эле өзгөчөлүк жетиштүү болот. Мындан мурда 1925-жылдан бери уланып келген физикалык жана интеллектуалдык тажрыйбабыздан сөз кылгам. Аларды да кошо турган болсок Авиация жана космостук илимдер тармагында бул бөлүмдө бизден башка бирөөнүн сөз ээси болуу мүмкүнчүлүгү дээрлик эч жокко эсе. Анткени 4 аэропортубуз, 80ден ашуун учагыбыз бизге өзгөчөлүк кошууда».
Окуучулар студенттик жашоосу үчүн эмне үчүн Анкара шаарын тандоолорун сунуштайсыз?
«Анкара университеттер шаары. Ушул убакта Анкарада 17 университетибиз бар жана бул сан дагы да өсүүдө. Анкара студенттик шаар. Эмне үчүн студенттик шаар десеңиз. 17 университеттеги окуучу санын алып карасак чоң эл массасынын бул жерде болгонун жана ал эмес ар бир өлкөдөн бир жарандын бар экенин көрөсүз. Бул да келген окуучулардын бул жерде жалгыз калбай турганын б.а. өз өлкөсүнөн сөзсүз бир канча жаран менен бирге боло турганынын да маанисин көрсөтүүдө.
Экинчи тараптан окуучулар үчүн эң маанилүү нерсе материалдык темалар. Бул жагынан иликтегибизде да Анкара Түркиянын эң арзан шаарларынан бири. Бул мүмкүнчүлүктөн да абдан жакшы пайдалануу керек. Эң арзан дегенде эмнеге жараша айтып жатамын? Университет, интеллектуалдык бирикмесин чогулткан түзүлүшү менен бирге чыгымдарын алып карасак Европанын жана Түркиянын эң арзан шаарларынан бири.
Анкарага келүү үчүн бир топ себеп бар. Республика бул жерде курулган. Тарыхый жайлар көп. Турситтик саякатка чыккысы келгендердин Невшехир Кападокияга оңой жетүү мүмкүнчүлүгү бар. Каалаган убактарында деңизге бара алышат. Табияттын кереметиндей жерлерибиз бар. Ошондуктан Анкара студенттерге ыңгайлуу».
Чет элдик студенттерди чакыра турган болсоңуз эмне дээр элеңиз?
«Бул университетте 97 башка өлкөдөн окуучулар бар. Алар бул университетти сөзсүз маанилүү нерселери болгон үчүн тандашты. Биз чет элдик окуучулардан эмне үчүн бул жерди тандадыңыз деп сураганыбызда: «Биз учууга даярбыз, агай»,-дешти. Биз да учууга даяр окуучуларыбызды Түрк авиация мекемесинин университетине күтөбүз».


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар