Билим жолунда-36

198305
Билим жолунда-36

ТРТ Түркия үнү радиосунда «Билим жолунда» программасынын акыркы эки бөлүмдө өзгөчө медицина тармагында чоң ийгиликке жетишкен Башкент университетин таанытканбыз. Бул апта да башка тармакта адистешкен, келечектин профессионалдарын тарбиялап чыгарган Түрк авиация мекемесинин университетин тааныта баштайбыз. Сүйүктүү жолдоштор, бул аптада кайрадан Анкарадагы Түрк авиация мекемесинин университетинин ректору проф.др.Үнсал Бал менен кызмат орунунда жолугуштук.
Урматтуу ректорго алгачкы сурообуз: Түрк авиация мекемесинин университети кантип курулду? Максаты, көздөгөнү эмне?
«Түрк авиация мекемесинин университети 2011-жылы 3-мартта курулду. Ачылганына 3,5 жыл болсо дагы бул университеттин тамыры 1925-жылдан башталат. Кантип? 1925-жылы Ататүрк «Эркиндик көк асманда!»-деп айтып Түрк авиация мекемесин курган. Андан соң бул мекеме Түрк авиация мекемесинин университетин куруп олтурат. Ошондуктан биз мыйзамдуу түрдө 2011-жылы түзүлдүк, ал эми ээ болгон интеллектуалдык жана физикалык тажрыйба жана башка элементтерди эске алганда 1925-жылы курулган университет деп айта алабыз. Анткени биздин колубузда турган мүмкүнчүлүктөр авиация жана космостук илимдер дүйнөнүн эч бир университетинде жок. Бизде ушул убакта 4 аэропорт, ондогон калканча жана 80ге жакын учак бар. Бул биз үчүн чоң сыймык.
Окуучуларды кабыл ала баштаганыбызга 3,5 жыл болду. Бүгүнкү күндө эки миңге жакын окуучубуз университетте билим алат. Ал эмес булардын бир бөлүгүн быйыл окутуп чыгардык. Келээрки жылы бакалаврият бөлүмдөрүнө келген окуучуларыбыздан алгачкы бүтүрүүчүлөрүн чыгарабыз».

Түрк авиация мекемесинин университети эмне үчүн керек?

«Авиация жана космостук илимдер акыркы жылдарда абдан ылдам өнүгүүдө. Өзгөчө Түркияда бул сектор акыркы 10 жылда 7,5 эсе өсүү көрсөттү. Мисалы, 2001-2002-жылдардын аралыгында Түркиядагы аэропорт саны орто эсеп менен 21 болсо, учурда алардын саны 54кө жеткенин көрүүдөбүз. Ал эмес ар бир областта бирден аэропорт бар дей алабыз. Ошондуктан бул сандарды эске алсак бул тармактын канчалык өнүгүп баратканын байкай алабыз. Анда бул тармак келечекте да өсүүсүн улантабы? Албетте. Жер жүзү эми адам баласына тар боло баштады. Адам баласы көк асманга космоско чыгууну каалап жатат. Ал жактардан орун ээлөөнү эңсөөдө. Мына Түрк авиация мекемесинин университети да көк асманда, космосто орун алууну каалагандарга мүмкүнчүлүк булагы катары турат».
Ректорубуздан көк асманда, космостон орун алгысы келген жаштар бул жерде кайсы бөлүмдөрдө окушу керек?-деп сыраганыбызда:
«Университетибизде 5 факультет, 2 кесиптик техникум болуп бардыгы 13 бөлүм же программа бар. Булардын бардыгы авиация же космостук илимдерге байланыштуу бөлүмдөр.
Эми сиздерди «Эсенбога» аэропортуна алып барайын деймин, жок анын кереи жок. Жаныбызда Этимесгут аэролпорту бар. Ал жакка карай барганыбызды ойлойлу. Бара жатканда колуңузда учак билетиңиз болушу керек. Мына ошол учак билеттерин берген кишилер, б.а. жердеги тейлөөлөрүн камсыздаган кишилер биздин университетибизден билим алышат. Андан кийин учакка түшүшүңүз керек. Учакта жылмайып тосуп алган кабина кызматкерлерин көрөсүздөр. Сиздерге «кош келипсиздер!»-дешет. Алардын жылмайып тосуп алышынан кийин сиздер ал учакка жеңил желпи киресиздер. Ошол кабина кызматкерлери да биздин университетте тарбияланат. Бираз учакта олтурган соң учак кыймылдай баштайт. Бул кыймылдын камсыздалуусу үчүн бир канча жер кызматтары берилиши керек. Алар да Түрк авиация мекемесинин университетинде билим алышат. Бир аз убакыт өткөн соң кокпиттен: «Кутмандуу күнкүңүздөр менен!»-деген үн угулат. Бул капитан учкучтардын жана жардамчы учкучтардын бардыгы Түрк авиация мекемесинин университетинен тарбияланышкан.
Ошол учактын коопсуз түрдө учуп чыгышы үчүн авиациялык трафикти текшерүүчүлөр да ушул окуу жайды бүтүрүшөт. Белгилүү мөөнөттөрдөн кийин учактарга кароо-оңдоо иштери жасалышы керек. Бул кароо иштерин да университетибизден чыккан адистер жасайт. Учак инженерлери, космостук инженерлер, машина инженерлери, мехатроник инженерлер, компьютердик инженерлер сыяктуу...
Дагы бир аз улантсак, бул учактарды биз да өндүрүп чыгаралы дейбиз. Мына ал жерде да учак инженерлери жана астрономдор, космостук кемелерди учура турган адистер да күн тартипке келет. Түрк авиация мекемесинин университети мына ушул адистердин бардыгын тарбиялайт».


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар