Билим жолунда-33

176550
Билим жолунда-33


ТРТ Түркия үнү радиосундагы Билим жолунда программасында эл аралык билим берүү тууралуу маалымат берүүбүздү улантабыз. Өткөн аптада сиздерге Кайсеринин жаш жана динамикалуу университети «Абдуллах Гүл» атындагы университти тааныта баштаганбыз. Бүгүн ушул университет туурасында сөз кылабыз.
Кайсеридеги «Абуллах Гүл» атындагы университеттин ректору Ихсан Сабунжуоглунан университеттеги социалдык мүмкүнчүлүктөрдү да сурадык:
«Мен академик, ректор катары ар дайым буга ишенип келдим; университеттер окуучулардын жалгыз эле кесиптик билим алган, балким техникаларын үйрөнгөн жер гана болбошу керек. Бул техникалык базис менен катар сөзсүз бир канча социалдык, маданий жана интеллектуалдык тажрыйбаларды да кошо үйрөнүүсү зарыл. Анткени карьерасында ийгиликтүү болгон адамдарды карасак, чындыгында мындай түрдөгү адамдардын өздөрүн социалдык жактан да абдан өнүктүргөн жана коомчулукта жалгыз эле маалыматтары менен эмес, байланыш жөндөмдүүлүктөрү менен да алдыга озуп чыккан үлгүлүү адамдар болгондорун көрөсүз. «Абуллах Гүл» атындагы университет катары коомдук турмушка жана коомдук аң-сезимдин өнүгүүсүн камсыздай турган чөйрөнүн болушуна алгачкы курулган күнүнөн тартып эле маани берип келет.
Абдан жагымдуу кампусубуз бар. Көпчүлүк адамдар бул жерди Гарвардга окшоштурушат. Албетте бир аз кичинеси, бирок өзүнө таандык өзгөчөлүктөрү бар кампус. Бул жерде окуучуларыбызга абдан ишеничтүү жатакана мүмкүнчүлүгүн тартуулайбыз. Жатакана да эмес, чындыгында окуучу айылы деп койсок болот. Үйгө окшогон чөйрөдө жашашууда. Ортоктошо колдонгон аянттары бар.
Үй-бүлөсүнөн алыстагы жаштарыбыздын үй-бүлөсүн сагынуусун каалаган жокпуз. Үйдөгүдөй шартты тартуулап койгубуз келди. Муну менен катар окуучулардын спорт менен машыгуусуна абдан жакшы мүмкүнчүлүктөрдү түзүп бердик.
Шаарда абдан интеграциялуу университетпиз. Ичинде орун алган кампус чоң өлчөмдө ачык кампус ыкмасында. Жалгыз эле окуучуларыбыз эмес, шаардан университетибизге келген адамдар да бул жерден кеткиси келбейт».
«Бул жерде курган алгачкы борбор, жаштык борбору. Аны «Жаштык фабрикасы» деп атап койдук. Бул жерде формалдуу билим берүү менен формалдуу эмес билим берүүнү бириктирген түзүлүшүбүз бар. Жаштардын өз араларында болгону сыяктуу эле коомчулук менен да аралаша алуусуна, бүтүндөшүүсүнө; бейөкмөт уюмдар, иш жана өнөр жай дүйнөсү менен биргелеше жасай турган проекттерди аткаруусуна мүмкүнчүлүк берген шарттарыбыз бар.
Июнь айында жаштардын жумуш менен камсыздалышына карата Европада алгач ирет аткарылган симпозиум өткөрдүк. Европанын ар кайсы өлкөлөрүнөн 20дан ашуун өлкөдөн келген жолдошторубуз жаштардын жумуш менен камсыздалышына карата өз баяндоолорун жасашты. Жаштык фабрикасынын же АГУ Жаштык кеңсесинин алгачкы иш-чарасы ушул болду».
Университеттин ректорунан чет өлкөлүк окуучулар Кайсериге жана «Абдуллах Гүл» университетине эмне үчүн келиши керек деп сурадык:
«Бул жерде адам өзүн башкача сезет. Бул жердин ДНКсы башкача десек болот. Бул жерде көп маселе болбойт, көп маселеге чечим табылат. Ушундай маданияты бар Кайсериде эч качан үмүтсүздүккө кабылышпайт. Эң оор учурда да ал меселени чече алуу үчүн альтернативдүү жолдорду издешет. Бул маанилүү өзгөчөлүк.
Экинчиси Кайсери миңдеген жылдардан бери, б.з.ч 3000-жылдарда да дайыма соода шаары болуптур. Жибек Жолунун маанилүү жеринде орун алган. Б.а ишкердик тууралуу бир нерсе үйрөнүүнү каалагандар үчүн чындап эле Түркиянын эң маанилүү шаарларынан бири болуп саналат.
Үчүнчүсү Кайсери көптөгөн жылдардан бери Түркияга маанилүү башкаруучуларды, лидерлерди чыгарган шаар. Президент, премьер-министр, губернаторлорду жетилткен, чоң фирмалардын башкаруу кеңешинин башчыларын жетилткен. Б.а. бул шаарларда лидер болуунун бир канча өзгөчөлүктөрү бар. Буга жетишүү өзүнчө бир жөндөмдүүлүктү талап кылат. Мен чындыгында социологдордун чоң шаарларда, метрополдордо же чет өлкөлөрдө изилдөө жүргүзүүнүн ордуна Кайсериге келип бул темада изилдөө жүргүзүүлөрүн сунуштайт элем».
«Эмне үчүн АГУ? Анткени биз өзүбүзгө ишенүү менен муну айтабыз: Ооба, биз Түркияда жаңы курулган университетпиз, бирок дүйнөдөгү бардык университеттердин келечекте бара турган жолун эмитеден көрүп ал жолдо салынган жана ал жолдо билим берүү жана изилдөөсүн формаландырган 3-муундагы университетпиз. Биз коомдук таасирди, коомдук өлчөмдү, университеттин үчүнчү функциясын абдан эске алабыз. Ушул жагынан алганда абдан көркөмдүү университетпиз».
Эң акырында прорф. Ихсан Сабунжуоглунан эл аралык окуучу талапкери болгон жолдошторубузга кыскача чакырык таштоосун сурандык:
«Түркия абдан кызык өлкө. Күндөрүн кызыктуу өткөргүсү келген, мүнкүнчүлүктөрдү жана кыйынчылыктарды чогуу жашагысы келген адамдар үчүн абдан ылайыктуу өлкө. Өнүгүп бара жаткан жана чоң максаттары болгон өлкө. Ошондуктан бул жерде жашай турган мөөнөттүн ичинде ээ боло турган тажырйбаларына башка жерлерге караганда абдан кыска мөөнөттүн ичинде ээ боло алат. Ошондуктан Түркияга келүүлөрүн күтөбүз».


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар