Билим жолунда-21

84030
Билим жолунда-21

Түркиянын төрт тарабындагы университеттерге барып чет өлкөлүк окуучулар үчүн сунушталган мүмкүнчүлүктөрдү изилдеп сиздер менен бөлүшүүнү улантуудабыз. Кызык маектешүүлөрдүн видеолору менен катар Түркияда ар башка шаарлардагы чет өлкөлүк окуучулардын жолугушууларын ТРТ-Horizon Facebook барагынан таба аласыздар.
Өткөн аптада сиздерди тарыхый Жибек жолунда жайгашкан Газиантеп шаарына алып барганабыз. Шаарыбызды кыскача түшүндүргөн соң Газиантеп университетинин ректору проф.др.Мехмет Явуз Жошкун менен болгон маектешүүнүн алгачкы бөлүмүн бөлүшкөнбүз.
Эми ректорубуз бизге Газиантеп университети темасында дагы эмнелерди түшүндүрдү:
«Абдан мыкты академиялык кадр, абдан жакшы кампус, социалдык мүмкүнчүлүктөрү абдан жакшы. Шаарга темир жол каттамдары жүрүп турган жана шаардын ичинде жайгашкан кампус университети болгонун айтышыбыз керек.
Биз Газиантеп университети катары өзгөчө инженердик тармагында 40 жылдан бери б.а башталгандан бери англис тилинде сабак берип келе жатабыз. Бакалавриат, магистратура жана докторантура деңгээлинде да ушундай. Медицина факультетинде англис жана түрк тилинде билим бергенибиз сыяктуу архитектуралык факультетте да англис тилинде билим берүүбүз бар.
Газиантеп университети эл аралык университет. Анткени эл аралык байланыштары абдан күчтүү. Жалгыз эле Европа өлкөлөрү эмес Жакынкы Чыгыш аймагы менен Америка жана Азия өлкөлөрү менен да абдан жакшы байланыштар бар. Барган сайын эл аралык университет болуу жолунда ылдам илгерилеген университет катары көрүнүүдө. Эл аралык окуучу жагынан алганда дээрлик акыркы жылга чейин Түркияда эң көп чет өлкөлүк окуучуну алган университет болчубуз.
Анткени биз Түркияда бир топ университет чет өлкөлүк окуучу менен тааныша электе аларды тосчубуз. Учурда 80 өлкөдөн 1600 окуучу бар. Бул окуучулар жалгыз гана бакалавриат эмес, магистратура жана докторантура деңгээлинде да абдан жакшы билим алышууда. Ошон үчүн бул жерде тажрыйбабыз абдан жогору. Абдан жакшы эл аралык окуучу кеңсебиз бар. Жаштарга дүйнө жаштарына кызмат бере турган тажрыйба бирикмесине ээ болдук».
Ректорубуздан Газиантеп университетиндеги социалдык мүмкүнчүлүктөр кандай экендигин сурадык. Эң оболу жатакана:
Кампустун ичинде жатаканаларыбыз бар. 5 миң кишилик жатакана. Буга алдыбыздагы 1-2 жылдын ичинде дагы 5 миң кишилик кошулат. Анткени улам өсүп баратканыбызды билебиз. Спорт комплекстерибизди алсак, «GAÜN Sporium» деп аталган комплекс престиждүү проект. Анын ичинде бовлингден баштап эсиңе түшө турган бардык тармак бар. Сууда сүзүү, үстү жабык зал, тоого чыгууну үйрөнүүчү тилке ж.б.
Үстү ачык спорттук комплекстер, маданий иш-чаралар, искусстолук иш-чаралар, илимий иш-чаралар жагынан абдан бай университет. Анткени биз окуучуларыбызга жалгыз эле өз программаларында жакшы билим берүүнүн жетиштүү болгонуна ишенбейбиз. Алардын жеке кишилик өнүгүүлөрү жана турмушка даярдануулары темасында абдан кеңири иш-чара программаларын окуучуларыбызга сунуштайбыз.
Бул сунуштар мугалимдерибиз, академиктерибиз үчүн да жарактуу. Ушул жагынан абдан жакшы жетилген, көпчүлүгү чет өлкөдөн жана өлкө ичинен абдан жакшы билим алган окутуучуларга ээ болгонубузду белгилей кетким келет. Аларга да бактылуу боло турган изилдөө, өнүктүрүү иштерин аткара турган абдан жакшы мүмкүнчүлүктөрдү сунуштап жатабыз. Мунун ичинде технопарк, технология кеңсеси жана ТЕКМЕР сыяктуу борборлор бар. Ошондой эле социалдык проекттерге да абдан маани берүүдөбүз.
Түркияда айрым жаңылыктарды жаратуудабыз. Мисалга алсак коомдук сезимталдык проекти: Коомдук сезимталдык проекттери каалоого жараша сабак эмес. Биринчи курска барган ар бир окуучубуз үчүн мажбурдуулук болгон жана коомчулук менен алака катышты арттырган абдан маанилүү арачы болуп саналат. 8000 окуучу менен жылда 300 проект аткаруудабыз».

ТРТ Түркия үнү радиосунда Билим жолунда программасы уланып жатат. Ректорубуздан эң акырында чет өлкөлүк окуучулар Газиантеп университетин эмне үчүн тандашы керек?- деп сурадык.

«Практикага багытталган, теориялык маалыматы күчтүү, башка тараптан социалдык, эстетикалык, искусствону сүйгөн окуучуну жетилтүүчү университетти каалашса, дүйнөдөгү жаштардын тандай турган университеттеринин башында Газиантеп университети болуш керек. Биз дүйнөдөгү бардык жаштарга каалгаларыбызды ачтык. Түрк тилин билишпесе ТӨМЕР деп аталган тил үйрөтүүчү борборубуз бар. Андан соң түрк тилинде программаларды улантуу мүмкүнчүлүктөрү бар. Магистратура жана докторантурада окугусу клгендер үчүн да Газиантеп университетинин каалгасы ачык. Аларды бул жерде тосуп алып жана аларга бир нерселерди үйрөтүп жатканыбыз үчүн кубанычтуубуз. Бүткүл дүйнөлүк жаштарга чакырыгыбыз: Дагы жакшы келечек жана билим алуу үчүн Газиантеп университетине келишиңиздер керек!»


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар