Билим жолунда-20

81855
Билим жолунда-20


«Бул шаарды түшүндүрүүгө тил дагы калем дагы жетпейт».
Бүгүн сиздерге атактуу саякатчы Эвлия Челебинин учурубуздан 350 жыл мурда Газиантеп шаарына байланыштуу жазган сөздөрү менен салам бердик. Эвлия Челеби бул шаарды «Дүйнөнүн карегиндей шаар» деп мүнөздөгөн экен. Бүгүн сиздерди ушул кооз шаарга алып барабыз. Газиантеп шаары билим алууну ойлогон жаштарга эмнелерди сунуштаганын көрөлү?
Түркиянын алтынчы чоң шаары болгон Газиантеп калкынын саны жана экономикалык потенциялы менен учурбузда метрополь болуп саналат.
Анадолунун алгачкы отурукташкан жерлеринен болгон Газиантеп, бул аймакта курулган ондогон цивилизацияга таандык чыгармаларды учурубузга чейин алып келген. Газиантептин алгачкы цивилизациялар чыккан Месопотамия менен Жер Ортолук деңиздин ортосунда жайгашышы, түштүктөн жана Жер Ортолук деңизден чыгышка, түндүккө жана батышка кеткен жолдордун кесилишинде орун алышы, тарыхый Жибек жолдун ушул жерден өтүшү цивилизация тарыхына жана учурубузга багыт берген. Айрыкча ар бир мезгилде маданият жана соода борбору болуу өзгөчөлүгүн сактаган.
Эленисттик, рим жана византия мезгилдеринен Белкыс б.а Зеугма сыяктуу бир топ байыркы отурукташуу аянттарынын калдыктары учурубузга чейин сакталып келген. Селжуктар, мемлуктар жана осмон мезгилинде көп сандаган мечит, медрессе, сарай жана мончо салынган. Шаар бир эле убакта өндүрүш, соода жана кол өнөрчүлүк жагынан абдан өнүккөн. Учурубузда да бул сарай менен мончолор иштеп турат.
Дүйнөлүк ашканалардын арасында өзгөчө орду болгон, көптөгөн жылдар бою салттардын жана жергиликтүү даамдардын байлыгын сактаган Газиантеп ашканасы, Газиантеп туризминде өзгөчө орунга ээ.
Мурда Антеп деп аталган бул шаар Боштондук согушунда элинин көрсөткөн баатырдыктары менен Гази наамын да алган. Ошентип Газиантеп деп аталып калган.

Газиантептин тарыхын кыскача түшүндүрүп өткөн соң эми кезек Газиантептин жогорку окуу жайларына келди.
Газиантепте биз бара турган биринчи окуу жай Газиантеп университети болду.
Билим жолунда программасынын тобу катары эң туура маалыматты бере турган адреске, б.а. Газиантеп университетинин ректору проф. Др. Мехмет Явуз Жошкундун кызмат орунуна бардык.
Ректорубуздан Газиантеп сыяктуу көп тармактуу шаарда университеттин ректору болуу кандай сезим?- деп сурадык:
«Газиантеп Түркияны көтөргөн маанилүү шаарлардан бири болуп саналат. Индустрия жана сооданын борбору болгону сыяктуу эле туризм менен тарыхтын, маданияттын, өзгөчө чогуу жашоо маданиятынын жана социалдык тынчтыктын, өндүрүштүн, тарыхта болсо күрөштүн борбору катары Түркиянын алдыңкы шаарларынан бири. Учурда 1 миллион 600 миң калкы менен 170 өлкөгө экспорт жасаган, өндүрүш көлөмү 7 миллиард доллардан ашкан, товар спектруму абдан кеңири индустрия борбору болгонун дагы бир жолу кайталай кетели.
Бирок жалгыз эле ал эмес. Дүйнөдө эми биринчи орунда деп айта ала турганыбыз Зеугма мозаика музейи да жайгашкан жана көптөгөн тарыхый калдыктары менен, албетте ашканасы, ашкана маданияты менен да алдыга чыккан шаар. Газиантеп Түркиянын алтынчы чоң шаары».

Газиантеп университетинин ректору проф. Др. Мехмет Явуз Жошкундан бул шаарды чет өлкөлүк окуучуларга тартуучу кылган нерсе эмне деп сурадык?
«Биринчиден муну белгилей кетейин. Газиантеп университети мамлекеттик университет болуп саналат. Бардык тармакта программасы бар кеңири камтуусу болгон университет. Чет өлкөлүк окуучулардын же Түркиядагы окуучулардын тандоо себебине келсек, жаркыраган жылдыз катары мүнөздөлгөн Газиантеп университети Түркиянын алдыңкы университеттеринен бири. 1973-жылы Жакынкы Чыгыш техникалык университетине байланыштуу идея менен ишин баштаган, учурда 15 факультет, 10 техникум, 4 колледж, институттар, бакалаврь, магистр жана докторантура жана пост докторантура программалары менен эми Түркиянын алдыңкы университетеринен бири».

Газиантеп университети ийгиликтүүлүгү жагынан кандай орун алган?
«Дүйнөлүк баа берүү системаларын алып карасак дагы, өлкөдөгү баа берүү системаларын алып карасак дагы, медицина факультети болгон университеттердин ичинде биз алдыңкы 10 орундун арасындабыз. Илимий иш-чаралар жагынан алып карасак алдыңкы 5-6- орунда Газиантеп университети турат».


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар