Байыркы Троя шаары

Түркияда туризм-10

1156501
Байыркы Троя шаары

Троя

Троя дүйнөдөгү эң атактуу байыркы шаарлардын бири...

Дастандарга тема болгон, тарыхый иликтөөлөр «сүйүү, баатырдык жана цивилизациянын уясы» деп аныктаган шаар-Троя...Чанаккале (Дарданель) кысыгынын жээгинен 4,5 чакырым алыстыкта, Каз тоосунун этектеринде курулган байыркы отурукташуу жери б.з.ч. 3000-жылга чейин созулган өтмүшкө ээ...

Гомердин Илиада дастанында түшүндүрүлгөн Троя согушу өткөн жерлер, саякатчыларын миңдеген жыл мурдагы өтмүшкө алып барат.

Этектеринде Троя курулган Каз тоосу, мифологияга караганда дүйнөнүн алгачкы сулуулук сынагы өткөрүлгөн жер деп эсептелет. Сулуулук сынагына катышкан сулуулар Гера, Афродита жана Афина болчу. Тандоочу милдетин аткарган Парис, өзүнө Спарта королунун аялы Эленанын убадасын берген Афродитаны тандайт. Паристин Эленаны уурдап качышы менен согуш башталат. Бири-бирине абдан ашык болгон экөө Трояга качып келишет жана ушундайча Ахейлер менен Троя калкынын ортосунда орто эсеп менен 10 жылга созула турган согуш башталат.

Б.з.ч. 1180-жылдарда болгону белгиленген Троя согушунда эки тарап тең бири-бирине так үстөмдүк кура албаган соң ахейликтер троялыктарды амал менен жеңүүнүн жолун издейт. Согуштан чегинген сыяктуу көрүнүп, тынчтык символу катары Трояга тактайдан жасалган тоодой бийик ат жөнөтөт. Тактай аттын ичинде тандамал командирлер жана аскерлер жашырылат. Согуштан чаалыккан жана кубануу менен тынчтыкты майрамдаган Троя калкы, түн ичинде ичкиликтин таасири менен катуу уктап калышканда, тактайдан жасалган аттын ичинен чыккан согушчандардын кылычынан өтөт. Троя башынан аягына чейин өрттөлүп, коркунучтуу кыргын салынгандан кийин шаар урандыга айланат.

Троя, согуштар жана табигый кырсыктардын себебинен бир канча жолу кайрадан курулган. Отурукташуу үчүн ылайыктуу географиялык абалы, тарых бою шаарлашууга өбөлгө болгон. 14-кылымдын акырларына карай экономикалык жана маданий маанисин бара-бара жоготкон.

Троянын эң маанилүү өзгөчөлүгү 9 башка шаар катмарына ээ болушу. Бул 9 катмар үзгүлтүксүз түрдө 3000 жылдан ашык убакыт тилимин көрсөтүп турат жана аймакта жашаган цивилизацияларды көрүүбүздү камсыздайт.

Бул көркөмдүү археологиялык шаарда  алгачкы казуу 1871-жылы болгон. Андан кийинки жылдарда уланган казуулардын натыйжасында театр, мончолор, ар түрдүү табылгалар менен абдан өнүккөн канализация системасы жана курулуш пайдубалдары жарыкка чыгарылды. Бай жана татаал археологиялык түзүлүштүн жарыкка чыгарылышы боюнча иштер бүгүнкү күндө дале уланууда.

Адамзат тарыхынын бул маанилүү отурукташуу борбору 1998-жылдан бери ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурастар тизмесинде...

Трояны көргөнү Чанаккалеге барсаңыз, дүйнөлүк тарыхтын маанилүү согуштарынан бирөө өткөн Чанаккале согушунан кийин тургузулган Шейиттер эстеликтерине зыярат кылышыңызды, Ассостогу Афина ибадатканасын кыдырышыңызды, табиятка кызыксаңыз Каз тоолоруна чыгууңузду сунуштайбыз. Гөкчеада жана Бозжаада, маданий жана табигый кооздуктары менен суктандырган, сөзсүз көрүлүшү керек болгон туристтик аймактар...

Саякатыңыз байсалдуу болсун!



Тектеш кабарлар