Сафранболу...

Түркияда туризм-8

1147316
Сафранболу...

Сафранболу...

Сафранболу Түркиянын түндүк-чыгышында орун алган кооз район... Түрк шаарлашуу тарыхынын бузулбаган үлгүсү болгондуктан бүгүнкү программабызга тема болду...

Салттык шаар түзүлүшү, жыгач ашталган үйлөрү жана эстелик түзүлүшү менен корук аянты деп жарыяланган сейрек шаарлардан бири-Сафранболу... Бул жаатта 1994-жылдан бери ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк маданият мурастар тизмесинде орун алган...

Карадеңиздин жээктерин Батыш жана Ортоңку Анадолуга туташтырган жолдун боюнда орун алган тарыхый Сафранболу шаары, географиялык түзүлүшүнөн улам байыркы доорлордон бери отурукташуу борборуна айланып келген. 14-кылымдын башынан бери Түрктөрдүн башкаруусу астында болгон шаар, өзгөчө 18-кылымда Азия жана Европанын ортосундагы сооданын маанилүү аялдамасы абалында экен. Маданий жана экономикалык жактан чоң өнүгүүгө жетишиптир. Сооданын артышы менен курулган кербен сарайлар, шаарды түнөп, конуп кетүүчү борборго айланткан.

Сафранболу, түрк маданиятын салты жана архитектурасы менен бирге чагылдырган, тарыхый түзүлүшүн дагы деле коргогон шаар...Бул өзгөчөлүктөрдөн улам «Дүйнө шаары» наамы берилиптир. Ар бир көчөсү, ар бир бурчу өтмүштөн издерди алып жүргөн Сафранболу бүгүнкү күндө кудум эле музей шаар көрүнүшүнө ээ...

Шаарда өтмүшү дээрлик 600 жылдан ашкан мончолор жана медреселер бар...

**

Салттык үйлөрү менен атагы чыккан Сафранболу дүйнөнүн төрт тарабынан туристтерди тосууда. Сафранболу үйлөрү элдин жашоо формасын, жактыруусун, маданиятын жана архитектуралык жөндөмдүүлүктөрүн чагылдырган абдан көп көңүлдү бурган түзүлүштөр...

Курулушунда таш, кирпич, керамика жана жыгач колдонулган үйлөрдүн бардыгы коңшуларынын айлананы көрүүсүнө тоскоол болбогудай түрдө курулган. Аймактын түзүлүшүндө табият, адам, үй, көчө жана базар тең салмактуулугу эске алынып, белгилүү тартип түзүлгөн.

Эки же үч кабаттан турган бул үйлөрдүн чоң короосу бар жана жыгач оймочулугунун укмуш мисалдары үйдүн төбөсү менен катар бардык бурчунда көрүнүп турат.

Көчөлөр жана короолор «Албан тратуары» деп аталган майда таштар менен кооздолгон...Бул, жамгыр сууларынын оңой агышын, ошондой эле бактардын жана өсүмдүктөрдүн тамырларына суу оңой жетишин камсыздайт.

Карабүк облусунун территориясында орун алган, салттык түзүлүшү кылымдардан бери өзгөрбөгөн Сафранболуга барып калсаңыз; тарыхый сарай жана мончолорун, шаардагы тарыхый музейин, сооданын борбору болгон базарын, музей конок үйлөрүн кыдырбастан, өткөн доорлорго алып барган таш төшөлгөн көчөлөрдө баспастан, бассейиндүү конок үйлөрдө түрк кофесин ичпестен кайтпаңыз.

Айрыкча, музей айыл деп эсептеле турганчалык мүнөздөгү Йөрүк айылы, Инжекая суу курганы, Кристалл терасса, Токатлы жана Дүзже капчыгайлары, жакынкы чөйрөлөрдө кыдырып көрсөңүз боло турган жерлер. Дүйнөгө таанымал Сафранболу локумдары, кую кебабы жана баклаванын даамын көрүшүңүздү сунуштайбыз...

Саякатыңыз байсалдуу болсун!



Тектеш кабарлар