Хет империясы...

Түркияда туризм-6

1138298
Хет империясы...
Hattuşaş_02.jpg
Hattuşaş_03.jpg
Hattuşaş_04.jpg
Hattuşaş_07.jpg
Hattuşaş_15.jpg
Hattuşa  6.png

 

Хет империясы...

Хет империясы биздин заманга чейинки доордо Анадолуда өкүмүн сүрдүргөн цивилизациялардан бири...Бул империя кылымдар мурда жоюлган, бирок борбор шаары Хаттуша сакталып калган... Ал шаар келген кишилердин кызыгуусун арттырып, убагында кооз жана маанилүү шаар болгонун көргөндөргө кабарлап турат...

**

Хет империясынын курулушу б.з.ч. 1600-жылдарга чейин барат. Ал мезгилге таандык чопо жазмалардан түшүнүктүү болгону сыяктуу Хет өлкөсү, тарыхта кандайдыр бир демократия формасы менен башкарылган алгачкы мамлекет болчу. Падыша жана падышачылык үй-бүлөдөн кишилер башкарган өлкөдө, Панкуш аттуу мажлиске чыгарылган чечимдерди добушка салуу жана ошондой эле падышаны көзөмөлдөө укугу берилген.

Хеттер ишке ашыргандардан бири да тарыхтагы алгачкы жазылуу келишимди, мындайча айтканда Кадеш келишимин Египет менен кол койгон болуулары... Мына ушул мезгилдин бул өнүккөн цивилизациясынын борбор шаары Хаттуша, байыркы шаар катары Хеттердин издерин бүгүнкү күнгө дейре жеткирген...

Хаттуша, Түркиянын Ортоңку Кара деңиз аймагында Чорум облусунун территориясында орун алган.  Учурдагы аталышы Богазкөй. Ачык асман астындагы археологиялык музей абалындагы Хаттуша, Ылдыйкы шаар жана Жогорку шаар болуп эки аянттан турат.

Ылдыйкы шаар делген аймакта жарандык отурукташуу орундары бар жана Хаттушанын эң чоң диний эстелиги болгон Чоң Ибадаткана көрүнүп турат...

Жогорку шаарда болсо көп сандаган ибадаткана бар жана бул аймак төрт каалгасы болгон чеп менен курчалган. Арстандуу каалганын эки жагына жайгаштырылган арстан айкелдери Хеттердин таш иштетүүдөгү ийгилигинин эң сонун мисалы болуп эсептелет...

Хаттушанын 2 чакырым түндүк-чыгышындагы Йазылыкая ибадатканасы шаардын эң көркөмдүү ачык асман астындагы ибадатканасы катары кабыл алынган. Эки жар бөлмөдөн турган бул ибадаткананын дубалдары, Хеттик кудайлар жана аял кудайлардын таш оймолору менен кооздолгон.

**

Хаттушага барыш үчүн Чорумга барып калсаңыз, Чорум жана Богазкөй музейлеринде тарыхый жол тартууга чыкпастан, Искилип районунун көчөлөрүн кыдырбастан, Хет жолунун багытында кадам таштабастан, карагай жыттанган жайлоолорун көрбөстөн, долма сыяктуу жергиликтүү даамдардан ооз тийбестен, Каргыбези, жолго салган килем сыяктуу токумалардан сатып албастан кайтпаңыз.

Египеттин күчтүү фараондорунун эң күчтүү атаандашы, өз убагынын эң чоң саясий жана аскердик күчү Хеттердин борбор калаасы Хаттуша сизди күтүп турат...

Саякатыңыз байсалдуу болсун!



Тектеш кабарлар