Түркияда туризм-4

Немрут тоосунун өзгөчөлүктөрү

1131409
Түркияда туризм-4

Түркияда туризм-4

Урматтуу окурмандар, Жер жүзүндө күндүн чыгышы эң сонун кайда көрүнөт?... Бул суроого абдан көп жооп берилиши мүмкүн. Ал жооптордон бири да Түркиянын түштүк-чыгышындагы Немрут тоосу болуп саналат. 2150 метр бийиктиктеги Немрут тоосу, күн чыккан убакта келгендерге керемет көрүнүштү тартуулайт.

Немрут тоосунун жалгыз өзгөчөлүгү бул эмес албетте...Чокуда, Комниндер королдугу доорунан калган келбеттүү айкелдер тосуп алат жана көргөндөрдү бул тоонун үстүнө кантип салынгандары же бул жерге кантип алып келингендери темасында таңдантат.

**

Немрут тоосунун чокусунда курган жана  бул кургандардын чыгыш жана батыш жактарында курулган терассалардын үстүндө келбеттүү ири айкелдер менен ар түрдүү таштар оюлуп жасалган эстеликтер бар. Көпкө созулган эмгектенүүлөрдүн натыйжасында грек тилинде жазылган жазманын чечмелиниши менен бул эстеликтердин Комниндер цивилизациясына таандык болгону жана король 1-Антиохос тарабынан салдырылганы белгиленди.

Б.з.ч. 109-жылы көз карандысыз королдук катары Анадолунун түштүк-чыгышында курулган Комниндер королдугу, ар башка ишенич жана маданияттарга ээ болгон коомчулуктардын башын бириктирген. Королу, теңирлерге болгон байланышты күчтөндүрө турганын жана ушундайча улутун тынчтыкта жашата турганы ишеничи менен өлкөсүнүн ар кайсы жерлерине ибадатканаларды салдырган. Немрут тоосундагы эстеликтер да алардан бири эле. Корол Антиохостун теңирлерге жана аталарына ыраазычылыгын көрсөтүш үчүн салдырган көрүстөнү, ири айкелдери жана метрлеп саналган узун жазмалары эллинисттик доордун эң көркөм калдыктарынан болуп саналат...

***

ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк маданияттар мурасынын тизмесинде орун алган Немрут тоосуна Адыямандын Кахта району аркылуу жетүүгө болот.

Аймакка барганыңызда көрүлсө боло турган башка көп сандаган тарыхый эстеликтер бар. Каракуш курганын, Йеникалени, Жендере көпүрөсүн, Арсамея уранды жерлерин көрбөстөн кетпеңиз.

Кахтада суу сактагычтын жээгинде таза көл балыгын жебестен, жергиликтүү даамдардан ооз тийбестен, аймакта токулган укмуш дизайндуу килемдерди көрбөстөн кетсеңиз бул аймакты кыдырбай эле кеткен болосуз...Ошондуктан бул жерди убактыңызды кеңири бөлүп кыдырышыңызды сунуштайбыз.

Немрут тоосу бардык сырдуулугу менен сизди күтүп турат...

Саякатыңыз байсалдуу болсун!



Тектеш кабарлар