Түркия терезесинен Жакынкы Чыгыш - 46

Трамптын жеңиши жана Жакынкы Чыгыш үчүн мааниси

613708
Түркия терезесинен Жакынкы Чыгыш  - 46

2016 – жылдын 8 – ноябрында болгон шайлоодо Республикачыл партиянын талапкери ишкер Дональд Трамп жеңип чыкты. Трамптын шайлоого карата үгүтү учурунда Жакынкы Чыгыш тууралуу маалыматтары анын көнүмүш болбогон тышкы саясат жүргүзөрүн көрсөтүүдө. Ошондуктан АКШнын Жакынкы Чыгыш саясатында бир топ жаңылыктардын болорун айта алабыз. Трамп жалпысынан демократ Обаманын либерал эл аралык тышкы саясат түшүнүгүнө каршы. Трамптын оюна караганда АКШнын эл аралык коом менен жакшы карым – катнаштарды өнүктүрүшү жалгыз башына боло турган абал эмес. Эл аралык уюмдар жана союздаштыктардагы абалы да ушундай.

Тобунда ашыкча оңчул кишилерди чогултканына карабастан Трамп Обамадан мурунку Буш мезгилинин саясаттарынан да алыс турат. Трамп режимди өзгөртүү, улуттук курулуш сыяктуу демилгелерге да  каршы.  Адам укуктары тууралуу да Трамптын тышкы саясатында орду жок. Ал түгүл кыйноону жактаган позицияда туруунy да тартынбайт. Кыйноону эмнеден жактаганына караганыбызда Трамптын Жакынкы Чыгыш саясатынын негизги элементтеринен бирөөсү алдыбызга чыгат : «Террорго каршы күрөш». Эмне болсо болсун террорго каршы күрөш басымы бир топ жактан маанилүү. Биринчиси бул басымдын исламофобиялык  жагы бар. Террор исламдын коомдук турмуштагы көрүнүшү менен бирдей көрүнүүдө. Бир гана Трамп эмес тобундагы кишилер да ушундай көз караш менен билинет. Ушунун негизинде бир гана ДЕАШ эмес, Сирия оппозициясы жана ал түгүл Мусулман бир туугандар кыймылы да террорист статусуна кирүүдө.

Экинчиси террор тууралуу тайыз мамиле жыйырма жылга жакын убакыттан бери реформа багытында тышкы кысымдарга учураган аймактагы режимдерди эс алдырууда. Бул жактан Трампка телефон чалып куттуктаган лидердин Египеттин мамлекет башчысы Абдүлфеттах Ел Сиси болушу абдан маанилүү. Террорго каршы күрөштө кызматташтык  түзүлө турган болсо өлкөлөрүндө кимди эзеринин Трамп башкаруусу жактан анча мааниге ээ эмес экендиги көрүнүүдө. Үчүнчүдөн Обама башкаруусунун аймакта акыркы беш жылда жүргүзгөн жаңылыш саясат Орусия, Иран, ирактык шиит куралчандары, ПЙД жана Хизбуллах сыяктуу өлкө жана уюмдардын маанилүү жетишкендиктерди колго алуусуна мүмкүнчүлүк түздү. Трамптын Жакынкы Чыгыш саясаты жана террорго болгон мамилеси бул жетишкендиктеринин күчтөнүшүн кошо ала келет. Трамптын террорду сунни дүйнөсүндөгү радикализм менен бирдей кабыл алгандыгын көрөбүз. Ушул алкакта ошол эле негиз менен аймактагы жашоосун мыйзамдаштырууга аракет кылган Орусия менен орток негизде бириккен болуп жатат. Мына ушул биригүү жеринде Трамп бийлигинин Сириядагы Асад режимине аянт ачарын  көрүп турабыз. Маанилүү бөлүгү исламчыл элементтерден турган Сирия оппозициясы да Трамптын ою боюнча  террордук мүнөздө. Бул көз караш да Асадды жамандын жакшысы катары кароодо. Айрыкча Орусиянын Трамп тарабынан өнөктөш катары каралышы Асад режими менен Трамп башкаруусунун арасында байланыштыруучу милдетин аткарарын айта алабыз.

Асадды террорго каршы союздаш катары көргөн Трамп менен бирдикте Сирияда «Асадсыз чечүүчү жол» издөөнүн болбой тургандыгын айтуу жаңылыш болбойт. Бирок кагылышуулардын улантылышы Сирияда жашаган жеринен кеткен жарандарга эмне болору боюнча суроону күн тартибине алып келүүдө. Бул тууралуу Трамптын сунушу бир тарапсыз аймак түзүп жашаган жеринен кеткендердин ошол аймакта кармалуусу.  Ошондой эле  Трамптын чыга турган жери албетте адамдардын коопсуздугу эмес. Мусулмандарды потенциалдуу коркунуч катары көргөн Трамп Сириядан Батышка качкындардын келишин текшерүүгө алуу дартында. Сириялыктар үчүн Трамп үмүткө ачылган каалгаларды жапкан киши.

Сириялыктар менен бирге Трамп мезгили Жакынкы Чыгыш саясатынан эң жаман таасирлене тургандардын палестиналыктар экенинде шек жок. Ушул күнгө чейин жүргүзүлгөн Американын шайлоо үгүттөрүндө Израиль жактоочусу катары эң катуу турган киши Трамп болду. Эми Израилдин Америка башкаруулары тарабынан чечүүчү жол үчүн сүйлөшүүлөргө мажбурлоону күтүү жаңылыш болот.  Трамптын отурукташуулар тууралу эч кандай сыны жок. Маселени маанилүү кылган башка бир жагдай болсо Трамптын Иерусалимди Израилдин түбөлүк борбор шаары катары расмий түрдө таанууда каршы эместиги. Трамптын Обама мезгилинде түзүлгөн атомдук келишимге каршы экендиги маалым. Бирок бул абалдын Иран  - АКШ карым – катнаштарында тескери багытта жогорулашына жол ачарын айтуу жаңылыш болот. Тескерисинче була абал Иранда келишимге каршы болгондордун колун прагматикалык Хасан Рухани жана Жевад Зарифке каршы күчтөндүрө турган абал. Эң көп Ирандын ички саясатына таасир бериши сөз боло алат. Баарыдан мурда Трамптын терроризмди дагы көп радикалдашкан суннилик менен бирдей карашы, Асад режими жана Орусия менен кызматташтыкка ачык  болушу да Ирандын пайдасына боло турган абал. Айрыкча Трамптын Сауд Аравияны радикал уюмдарга каршы жумшак болуу менен күнөөлөөсү жана Сауд нефтисинин импорттолушуна соң берүү коркунучун  сапырышы да ирандыктар тарабынан ыраазычылык менен кабыл алынды. Трамптын атомдук келишимди кайрадан сүйлөшүүгө ачарын белгилеши бир гана өлкө ичиндеги прагматикалык үч борборлорун күчсүздөнтө турган абал катары каралууда.

Кыскасы Трамптын мезгилинде  жүргүзүлүшү керек болгон Жакынкы Чыгыш саясаты аймактын маселелерин чече тургандай көрүнбөгөндөй эле азыркы күч тең салмактуулугунда көптөгөн өзгөртүүлөрдү  киргизе турган мүнөздө эмес.



Тектеш кабарлар