Түркия терезесинен Жакынкы Чыгыш - 26

Египетте демократия тышы ырааттуулукту издөө хаос жаратат

523281
Түркия терезесинен Жакынкы Чыгыш - 26

 

АКШ өкмөттөрү  жалпысынан  Батыш дүйнөсүнүн Египетке болгон көз карашы ырааттуулука багытталган. Бул ырааттуулукка багытталган  көз караш Энвер Седаттын  президенттик мезгилинде  Египеттин Батыш союздаштыгы лагерине өткөнүнөн бери ушундай. Египетте ырааттуулукту көрүү каалоосу өлкөдөгү бийликтин ишке ашыргандарын жана адам укуктарын бузууга карата үнсүздүктү да кошо ала келди. Ушул себеп менен 2013 – жылы июль айында Египеттин биринчи жолу шайлоо менен бийликке келген мамлекет башчысы Мухаммед Мурси кандуу зомбулук менен бийликтен алыстатылганда  жөн гана карап турууну тандады. Бир күндүн ичинде жүздөгөн митингчинин каза болушу, он миңдеген кишинин камоого алынышы жана  жүздөгөн кишиге өлүм жана башка оор жазалардын берилишине Батыш каршы чыккан жок. Ушул себептен да демократиялык жолдор менен күрөшүү методун жактырганына карабастан Мусулман бир туугандар кыймылы террорист деп жарыяланды жана жашоосун жок кылуу үчүн аскердик режимдин кысым жасаган саясаттарына дуушар болду.

Генерал Абдүлфеттах Ел Сисинин текшерүүсү астындагы зомбулук режими Мусулман бир туугандардын бастырылышынан кийин Египеттеги бардык демократиялык жарандык коомдун элементтерин бутага алды. Ырааттуулук үчүн либералдык жана солчул жарандык коом мекемелери да кысым жасалган саясаттардан насибин ала баштады. 25 -  январь төңкөрүшүндө активдүү роль ойногон 6 -  Апрель кыймылынын куруучусу Ахмет Махер жана активист Алаа Абделфеттахтын абакка кириши режимдин оппозицияга кичине болсо да толерансынын болбогондугун көрсөттү. Ал түгүл Сиси башкаруусунун кысым жасоочу саясаттарында 2011 -  жылы араб жазы митингдеринин акырында бийлигин жоготкон мурунку мамлекет башчысы Хүснү Мүбарек мезгилин артта калтырды деп айтууга болот. Бирок Сиси башкаруусунун жарандык коомдо барган сайын артып бара жаткан кысымы ырааттуулукту орнотуунун ордуна тескери тарапка жол ачууда. Узун мөөнөттө ыраатсыздык, араздашуу жана кагылышуу качылгыс болот. Оппозициянын катуу түрдө бастырылышы  оппозициянын катуулашуусун да кошо ала келет. Бул коомдо ашыкча кеткен элементтерди күчтөндүрө турган абал болот. Мурсинин зомбулук менен кулатылышынан бери өзгөчө Синада террордук кыймылдардын геометриялык артуу көрсөтүүсү мунун белгилеринен болот. Аль Каидадан бөлүнүп ДЕАШка караган Энвар Бейт ел – Макдис уюмунун кыймылдарында жана террорист санында маанилүү артуу болду. Орус жүргүнчү учагынын да бул уюм тарабынан атып түшүрүлгөндүгү айтылууда. Андан да жаманы 2011 -  жылдагы көтөрүлүштө болгондой жаңы бир көтөрүлүш толкунуна жол ача турган жагымсыз абал  таасирин көрсөтүүдө. Көбөйгөн террордук окуяларды шылтоолоп улуттук коопсуздук негизи менен бөлүүчүлүк кылбастан жарандык коом аркылуу кысым жана күч колдонуу Сиси башкаруусуна каршы берилген кредиттин барган сайын азаюсун кошо алып келүүдө. Сиси башкаруусуна зомбулуктан кийин өзүнө жардам берген көптөгөн коомдук уюмдар да каршы чыга баштады. Бул өзүнүн мыйзамдуулугу жактан операция аянтын тарайтууда. Египет калкынын митинг өткөрүү жана чогулуу эркиндиги чыгарылган мыйзамдар чоң өлчөмдө чектелди. Айрыкча жарандык коом мекемелеринин булагы эмне болсо болсун өлкө тышынан багыш кабыл алууну кылмышка айландырды. 

Мамлекет башчысы Абдүлфеттах ел  - Сиси оппозицияга карата кысым жасоо саясаттарын төртүнчү  муун согуш деп атап жатат. Мындан муну билүүгө болот: калктын өлкө лидерлерине болгон ишенимин жок кылуу максатында медиа жана жарандык коом өкмөткө каршы тузак куруу ичнде орун алууда. Башкача айтканда расмий көз караштын тышында  айтылып жаткан ар бир ой Египет мамлекетине карата кол  салуу демек. Египет башкаруусунун күн тартиби бул үч негизге таянат : «Террордун жана оппозициянын эзилиши, Булуң өлкөлөрүнөн  Египетке миллиарддаган долларлык накталай акчанын келип турушуна мүмкүнчүлүк түзүү жана экономикалык реформа жолу менен келечекке карата жарандарга оң кабар берүү. Бирок жогоруда да айтканыбыздай анти  - террор саясаты ушул кезге чейин жакшы натыйжа жараткан эмес. Булуңга финансылык жактан көз карандылык болсо Египеттин аймактын тартуучу борбору болуудан чыгуусу сыяктуу жыйынтык ортого чыгууда. Сауд Аравия ушул жактан каралганда Египеттин ордун ала тургандай абалга келди. Кызыл деңиздеги Сенафир жана Тиран аралдарын Сауд Аравияга өткөрүп берүү келишиминин 20 миллиард долларлык бир жардам пакети менен бирге каралышы калкта мекендин жерин башка мамлекетке сатылуусу сыяктуу түшүнүктү пайда кылган жана жүздөгөн кишинин камалуусу менен бүткөн митингдердин болушуна жол ачкан.

Экономикалык жактан каралганда инфляциянын текшерүүгө алынышы, жумушсуздуктун аз да болсо түшүрүлүшү жана өсүү ылдамдыгында артуу сыяктуу оң абалдар болгон. 2015 -  жылдан баштап электр үзгүлтүктөрү да чоң өлчөмдө  токтоду. Бирок бул оң абалдар жалпы калкка чагылган эмес. Тескерисинче аз кирешелүү адамдардын абалынын дагы да начарлоосу сөз боло алат.  Египет калкынын азыр да чоң бир бөлүгү күндө эки доллардан аз киреше менен жашоодо. Айрыкча структуралык экономикалык ырааттуулук саясаттарынын алкагында негизги муктаждык болгон продукцияларга карата субсидиялардын жоюулушу коомдо чоң каршы чыгууга жол ачуусу күтүлүүдө. Египетти кыйын күндөр күтүүдө. Бул кыйын күндөрдү өткөрүү үчүн Египет саясий лидерлигинин коом менен жарашуусу, тактап айтканда жарандары менен жаңы коомдук келишим боюнча макулдашуу түзүүсүнөн өтөт. Антпесе Египетти олуттуу коомдук жана саясий баш – аламандыктар күтүүдө.



Тектеш кабарлар