Министр Гүлер Катарда
Гүлер Катарда алгач шейх Сауд Бин Абдулрахман Бин Хасан Бин Али Ал Тани менен жолугушту.
2237101

Улуттук коргоо министри Яшар Гүлер расмий жолугушууларды өткөрүү үчүн Катарга барды.
Улуттук коргоо министрлигинин билдирүүсүнө караганда, министр Гүлер сапардын алкагында алгач Катардын вице-премьер-министри жана коргоо иштери боюнча мамлекеттик министр шейх Сауд Бин Абдулрахман Бин Хасан Бин Али Ал Тани менен жолугушту.
Аскердик азем менен тосуп алынган Яшар Гүлер катарлык кесиптеши менен эки тараптуу, аймактык коргонуу жана коопсуздук темаларында пикир алмашты.