Коргоо жана авиациялык өнөр жайында рекордго жетишилди
Коргоо жана авиация өнөр жайы быйылкы жылдын биринчи айында өткөн жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 16 пайыздык өсүү менен жаңы рекорд койду.

Коргоо жана авиация өнөр жайы быйылкы жылдын биринчи айында өткөн жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 16 пайыздык өсүү менен жаңы рекорд койду.
Коргонуу өнөр жайынын башчысы Халук Гөргүн, X эсебиндеги билдирүүсүндө, туруктуу экспорт максаттарын күчтүү жана ишенимдүү кадамдар менен баштагандарын белгилеп, коргонуу жана авиация өнөр жайынын экспортунун январь айында мурунку мезгилге салыштырмалуу 16 пайызга өсүп 383 миллион 148 миң долларга жеткендигин билдирди.
Гөргүн буларды белгиледи: «Соңку эки жылда (январь 2023-2025) коргонуу жана авиация өнөр жайынын экспортунда мезгил-мезгили менен 281 миллион доллардан 383 миллион долларга чейин 36 пайыздык өсүү менен бүткүл дүйнөгө экспорт кыла алган коргонуу өнөр жайы фирмаларабыз өткөн жылы 180 башка өлкөгө экспорттоп, чоң рекордго кол койду. Алдыдагы мезгилде да ири компанияларыбызды жана чакан жана орто ишканаларыбыздын санын көбөйтүү үчүн эл аралык иш-аракеттерибизди улантабыз".
Тектеш кабарлар

Түркия-Иран дипломатиясы
Телефондогу сүйлөшүүдө эки тараптуу маселелер жана Палестинадагы кырдаал талкууланды.