Израиль сүргүнгө айдаган 15 палестиналык Түркияга келет
Израиль менен Хамастын ортосундагы ок атышпоо келишиминин негизинде өлкөсүнөн чыгарылган 15 палестиналык Түркия тарабынан кабыл алынат.

Израиль менен Хамастын ортосундагы ок атышпоо келишиминин негизинде өлкөсүнөн чыгарылган 15 палестиналыкты Түркия кабыл алат.
Коопсуздук булактарынан алынган маалыматка караганда Израилдин 2023-жылдын 7-октябрынан 2025-жылдын 13-январына чейин Газа тилкесине жасаган кол салууларында болжол менен 50 миң киши каза болуп, 100 миңден ашуун киши жаракат алган.
Жылдар бою Израилдин абактарында жаткан миңдеген палестиналыктан тышкары Газадан дагы 15 миң киши түрдүү себептер менен камакка алынды.
Ок атышууну токтотуу келишиминин негизинде барымтадагылардын бошотулушу үчүн белгилүү бир сандагы туткун жана соттолгон кишилерди бошотот деген берене орун алды.
Израиль тарабынан өмүр бою эркинен ажыратылган туткундардын айрымдары бошотулгандан кийин Палестинадан чыгарылып, эч качан кайтып келбеши талап кылынды.
Президент Режеп Таййип Эрдогандын көрсөтмөсүнө ылайык ок атышпоо келишимине колдоо көрсөтүү максатында Түркия да абактан чыккандан кийин өлкөсүнөн алыс жашоого мажбур болгон бул палестиналыктардын бир бөлүгүн кабыл алат.
Бул боюнча аракетке өткөн Улуттук чалгындоо уюму алгач 15 палестиналыкты Египет аркылуу Түркияга алып келүүгө аракет кылды.
Ушул алкакта сөз болуп жаткан палестиналыктардын Түркияда тынч жана коопсуз жашоо үчүн керектүү чаралар көрүлдү.
Коопсуздук булактары президент Эрдогандын тынчтык жана гуманитардык жоопкерчилик көз карашынын алкагында Палестина элине колдоо көрсөтүү миссиясынын чечкиндүүлүк менен улана тургандыгын билдирди.