Ахмед Шара бүгүн Түркияга келет
Сирия Араб Республикасынын өткөөл мезгил президенти Ахмед Шара президент Режеп Таййип Эрдогандын чакыруусу менен бүгүн Түркияга келет.

Сирия Араб Республикасынын өткөөл мезгил президенти Ахмед Шара президент Режеп Таййип Эрдогандын чакыруусу менен бүгүн Түркияга келет.
Коммуникация башкармалыгынын директору Фахреттин Алтун социалдык медиа эсебинен жасаган билдирүүсүндө Сирия Араб Республикасынын өткөөл президенти Ахмед Шаранын бүгүн борбор шаар Анкарага келерин билдирди.
Алтун президент Эрдогандын чакыруусу менен президенттик комплексте өткөрүлө турган сүйлөшүүлөрдө Сириядагы акыркы абалдардын ар тараптан карала турганын, өлкөнүн экономикасынын калыбына келиши, ырааттуулугу жана коопсуздугу үчүн таштала турган кадамдардын караларын айтты.
Алтун сүйлөшүүлөрдө өткөөл башкарууга жана Сирия калкына көп тараптуу платформаларда бериле турган колдоонун да карала тургандыгын белгилеп : «Ахмед Шара мырзанын жана делегациясынын сапарынын Сириянын эркиндикке ээ болушунан кийин кайра түзүлгөн Түркия-Сирия карым – катнаштарын күчтөндүрөөрүнө жана чоң мааниге ээ болоруна ишенебиз»,-деди.
Тектеш кабарлар

Түркия-Ирак суу кызматташтыгы
Тышкы иштер министрлигинин X социалдык медиа баракчасынан билдирүү жасалды.

АТАК тик учактардын учушу социалдык медиада бааланды
Бул тууралуу командачылыктын социалдык тармактагы баракчасына жарыяланды.