Эрдоган - Камаге маалымат жыйыны

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Руанда менен Конго Демократиялык Республикасынын (КДР) ортосундагы чыр-чатактын тынчтык жолу менен чечилишинен үмүт кылгандарын айтып, ар кандай колдоо көрсөтүүгө даяр экендиктерин билдирди.

2234008
Эрдоган  -  Камаге маалымат жыйыны

Президент Режеп Таййип Эрдоган Руанда менен Конго Демократиялык Республикасынын (КДР) ортосундагы чыр-чатактын тынчтык жолу менен чечилишинен үмүт кылгандарын айтып, ар кандай колдоо көрсөтүүгө даяр экендиктерин билдирди.

Президенттик комплекстеги жекеме-жеке жана делегациялар аралык жолугушуудан кийин Эрдоган, Руанданын президенти Пол Кагаме менен биргелешкен маалымат жыйын өткөрдү.

Эрдоган Түркиянын Руанда менен болгон карым-катнаштарынын 2013 жана 2014-жылдары эки өлкөнүн өз ара элчиликтеринин ачылышынан кийин олуттуу ылдамдыкка ээ болгонун баса белгиледи.

Эрдоган Кагаме менен болгон сүйлөшүүсүндө соода, инвестиция, энергетика, билим берүү, маданият, коргонуу өнөр жайы, изилдөө жана өнүктүрүү тармактарында кызматташтыкты күчтөндүрүү үчүн таштай турган кадамдарды сүйлөшкөндөрүн айтты.

Эрдоган: «Президент менен алдыдагы мезгилде фирмаларыбыздын  инвестициясын арттырып, Руанданын өнүгүү максаттарына салым кошо тургандыгы боюнча макулдаштык»,-деди.

Конго менен болгон чыр-чатактын тынчтык жолдор менен чечилишин каалашкандарын белгилеген Эрдоган: «Анголанын арачылыгы менен жүргүзүлгөн түз сүйлөшүүлөрдү чын жүрөктөн колдойбуз. Биз Түркия катары Улуу Көлдөр аймагында ырааттуулук жана тынчтыкка салым кошо турган бул маселенин чечилиши үчүн эки тарап тең каалай турган болсо  ар кандай колдоо көрсөтүүгө даярбыз»,-деди.

Басма сөз жыйынынын алдында Түркия менен Руанданын ортосунда 4 келишимге кол коюлду.

Эрдоган Кагаменин урматына сый тамак да берди.

Президенттик комплекстеги сый тамак басма сөзгө жабык өттү.



Тектеш кабарлар