Яшар Гүлер Мансур Барзанини кабыл алды
Улуттук коргоо министри Яшар Гүлер Барзанини Башкы штабдын башкы кеңсесинде аскердик азем менен тосуп алды.
2233806

Улуттук коргоо министри Яшар Гүлер Ирак күрт аймактык башкаруусунун Пешмерге атайын күчтөр командири генерал-майор Мансур Барзанини кабыл алды.
Яшар Гүлер борбор шаар Анкарага расмий конок катары келген Барзанини Башкы штабдын башкы кеңсесинде аскердик азем менен тосуп алды.
Аземден кийин жекеме - жеке жана делегациялар аралык сүйлөшүүлөр өткөрүлдү.
Гүлер менен Барзани эки тараптуу карым - катнаштар менен аймактык жана эл аралык абалдар тууралуу пикир алмашты.